Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча долбоор кайтарым бере баштады


БАТКЕН. Чектеш жайгашкан Баткендин Карабак жана Тажикстандын Ляккан айылдарында бир топ жылдан бери жер астынан суу көтөрүлүп, жердин керектен чыгышына, үйлөрдүн бузулушуна себеп болуп келген. Кыргыз тарап мунун себебин Тажикстандын асты бетондолбогон Чилгазы каналынан көрсө, тажик тарап Кыргызстандын аймагында курулган суу сактагычтан көрүп, эки элдин ортосунда пикир келишпестик күчөп, чыр-чатак чыгып кетчү жагдай түзүлгөн. Анын алдын алуу максатында «Эл аралык толеранттуулук» коомдук фонду жаңы долбоор ачып, Швейцариянын Кызматташтык жана Өнүктүрүү Агенттигинин каржылоосу менен Карабак айылында 1350 метр узундуктагы ачык канал казылды. Ал эми Чилгазы каналынын 1335 метр аралыгы бетондолуп, натыйжада жер астындагы суулардын деңгээли төмөндөп, эки элдин ортосундагы пикир келишпестиктердин бир себеби жоюлду.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG