Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Социалдык фонд Жогорку Кеңештин токтомуна каршы пикир жөнөттү


БИШКЕК. «Кыргыз өкмөтүнүн үстүбүздөгү жылдын 6-мартындагы «Социалдык фонддун 2003-жылдагы бюджетин аткаруу жөнүндөгү» токтомуна депутаттар мыйзамсыз өзгөртүү киргизишкен. Депутаттар өз пикирин айтууга укуктуу, бирок, өкмөттүн токтомун өзгөртүүгө олуттуу деле себептер жок эле», - деди Социалдык фонддун төрагасы Акматбек Келдибеков бүгүн «Азаттык» радиосуна. Анын айтымында, Мыйзам чыгаруу жыйыны үстүбүздөгү жылдын 15-майында өкмөт токтомунун 2-, 3- жана 6-пункттарына мыйзамсыз өзгөртүү киргизген жана депутаттардын негизсиз кабыл алган токтомун жокко чыгаруу сунушу менен Социалдык фонд парламентке кайрылды.
Депутат Адахан Мадумаровдун демилгесинен улам 15-майда кабыл алган токтому менен парламент Социалдык фондду пенсияны, жөлөк пулду жалаң нак акча менен берүүгө жана өз ара эсептешүүлөргө чек коюуга милдеттендирген. А. Келдибековдун айтымында, азыр пенсионерлер өз ыктыяры менен гана ун же буудай алышат.

XS
SM
MD
LG