Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:02

Европа Биримдиги Кыргызстанга байланыштуу билдирүү таратты


БИШКЕК. Европа Биримдиги «Моя столица» гезитинин тагдырына кабатыр жана кыргыз бийлигин конституциялык реформаны мындан ары улантыш үчүн ЕККУ жана Вена Комиссиясы менен тыгыз кызматташууга чакырат. Европа Биримдигинин ушундай мазмундагы билдирүүсүн бүгүн Германиянын Кыргызстандагы элчилиги таратты. Билдирүүгө ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлү Айдын Идилдин Биримдиктин туруктуу кеңешинде жакында жасаган доклады себеп болгон. Өз докладында ал Кыргызстанда Акыйкатчы кеңсесинин, ЕККУнун академиясынын ачылышын, тартип коргоо органдарын реформалоону кубаттаган. Европа Биримдиги Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңештин мындан аркы иши, адвокат Галина Кайсарованын иш жагдайы тууралуу маалымат күтөөрүн белгилеп, кыргыз өкмөтүн сөз эркиндиги, маалымат каражаттары боюнча саясатын ЕККУ менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүүгө чакырган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG