Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:05

КЫРГЫЗДАРДЫН БАЙЫРКЫ МЕКЕНИ


Ар бир элдин ээлеген жери, анда түптөлгөн маданияты болот. Кыргыздардын байыркы мекенин тактоо бүгүнкү күнгө чейин уланып, кыргызтаануунун түйүндүү маселелеринин бири болуп келет.

Кыргыздардын байыркы мекенин тактоо иши орто кылымдарда эле башталган. Көөнө Кытай жазма булактарын жыйнактаган «Тайпин-хуаньюй-цзи» эмгегинде сяцзястар, башкача айтканда, кыргыздар - байыркы Гяньгунь мамлекети. «Ал Хаминин батышында, Карашаардын түндүгүндө, ак тоолордун этегинде жайгашкан» деп айтылат. Буга чейинки кыргыздардын ээлигин тактоо боюнча эмгектенген илимпоздор эмнегедир бу маалыматты көз жаздымында калтырышып, кыргыздардын байыркы мекенин ар кайсыл жерге жайгаштырып келишкен.

Айтылуу француз окумуштуусу Э.Шаванн кытай жазма булактарынын маалыматтарына таянып, кыргыздарды Чыгыш Түркстан аймагына жайгаштырган. Г.Е.Грумм-Гржимайло кыргыздардын европеоид расалык белгилерине карап, Э.Шаванндын көз карашын четке кагып, аларды «Саян-Алтайда жашаган» деп көрсөткөн.

«Кытай кол башчысы Ли Линдин кыргыздарга өкүмдар болуп жиберилди» деген маалыматынын негизинде академик В.В.Бартольд «байыркы кыргыз мекени Батыш Монголиядагы Кыргызнур көлүнүн аймагы болсо керек» деген оюн билдирген. В.В.Бартольддон кийин изилдөө жүргүзгөн А.Н.Бернштамдын көз карашына караганда, кыргыздар башынан эле эки бөлүнүп жашаган. Анын оюна ылайык, б.з.ч. I к. орто чениндеги хунн шаньюйу Чжичжинин батышка жасаган жортуулу мезгилинде кыргыздардын бир бөлүгү Жетисуу аймагына жер которушуп, экинчи бөлүгү мурдагы ээлиги Сибирде калган.

Кыргыздардын байыркы мекени туурасында илимпоздордун көз караштарын жалпылаштырсак, төмөнкүдөй үч багыт келип чыгат. Биринчи топтогу илимпоздордун пикирине ылайык, кыргыздар башында Чыгыш Теңиртоодо жашаган. Экинчи топтогу илимпоздор кыргыздарды Батыш Монголия аймагына жайгаштырышат. Үчүнчү топтогу илимпоздор «кыргыздар башынан эле Түштүк Сибирь аймагын мекендешкен» деп эсептешет.

Мындай карама-каршы көз караш жогоруда айтылган Чжичжинин батышка жасаган жортулун чагылдырган маалыматтан улам жаралган. Ал боюнча Чжичжи б.з.ч. I к. орто ченинде усундарды жеңип, алардын түндүк тарабында жашаган кыргыздарды баш ийдирип, ордосун кыргыз жерине жайгаштырган. Кыргыз жери шаньюй ордосунан батышты карай 7 миң, Чэмиден түндүктү карай 5 миң ли алыстыкта жайгашкан. Ушул маалыматтарды талдаган илимпоздор жогоруда белгилегендей бири-бирине карама-каршы ойлорду айтышкан.

Анткен менен соңку илимий изилдөө «кыргыздардын баштапкы мекени Чыгыш Теңиртоо болгон» деген жыйынтыкка келе баштады.

Себеби, таанымал синолог Л.А.Боровкованын тактоосуна ылайык, кыргыздар башында Дзосотын-Элисун чөлүнүн батышында, Борохоро тоо кыркасынын түндүгүндө жашашкан.

Кытай жазма булактарынын саптарына сереп салсак, анда кыргыз мамлекетинин булактарынын маалыматтары бекер эмес экендигин баамдайбыз.

Бул саптардын баштапкы кыргыз этногенезине түздөн-түз тиешеси бар. Көпчүлүк окумуштуулардын пикирлерине караганда, «динлин» этноними «чиди» жана «дили» аталыштары аркылуу «теле» этнотерминине айланган. Демек, динлиндер теле уруусу болсо, анда жогоруда айтылган кыргыздардын динлиндер менен аралашып кетиши жана кыргыздардын Карашаар аймагында байыр алып, теле уруу конфедерациясынын курамында тарыхый доорон сүрүшү да, алардын адегенде Чыгыш Теңиртоодо жайгашкандыгынан кабар берет. Кытай жазма булактарында «кыргыздардын адегендеги конушу Иунун батышы, Янтцинин түндүгүндө» деп кабарланат.

Жазма даректердин хрономейкиндик алкагы жана аларды баштапкы прототюрк этногенезине салыштырып изилдөө жагдайы кыргыздар башында Чыгыш Түркстанда жашап, прототюрк чөйрөсүндө этносаясий өнүгүп, түрк, теле-огуз, сеяньто этностору менен этномаданий жана глоттогенез процессин башынан кечиришкендигин айгинелейт. Алсак, кыргыз санжырасындагы биринчи же шарттуу түрдө тарыхый багыт деп аталган бөлүктө «кыргыздардын түпкү атасы Түрк» деп айтылат. Мындай мазмундагы даректин болушу бекеринен эмес. Анткени, кыргыз санжырасындагы уламыштык экинчи багытта «кыргыздар кырк кыздан, же Аналхактан тараган» деп айтылып, мында кыргыздардын этникалык өнүгүү мерчеминде чөлкөмдөк саясий идеологиянын тийгизген таасири байкалат.

Кыргыздардын адегенде Чыгыш Түркстанда жашап, мындан Түштүк Сибирь чөлкөмүн карай жер которгондугу фольклордук даректерде ачык айтылат. Кыргыз элинин улуу мурасы, «көчмөн талаанын энциклопедиясы» деп таанылган «Манас» эпосунда кыргыздардын түпкү журту Алатоо экендиги кабарланат.
XS
SM
MD
LG