Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Словения америкалык келишимди колдобойт.


Өлкөнүн премьер-министри Энтон Рэп Словения АКШ жарандарын Эл аралык трибунал алдындагы жоопкерчиликтен бошоткон келишимге кол койбойт деп жарыялады. Люблянадагы пресс-конференцияда Рэп аталган маселеде Словения Европа Биримдигинин саясатын колдоорун белгиледи. Вашингтон Эл аралык кылмыш соту келечекте дүйнөнүн ар башка аймактарында бейпилдик озуйпасын аркалап жаткан америкалык аскерлерди куугунтуктоонун саясий куралына айланып кетиши ажеп эмес деп, бул эл аралык мекемени колдоодон баш тарткан. Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши бейшембиде америкалык аскерлердин кол тийбестик иммунитетин дагы бир жылга узарткан. Вашингтон буга дейре өз жарандарын коргогон эки тараптуу келишимге бир жыл ичинде 40тай мамлекет менен кол койду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG