Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

Казак министрлери кайрадан кызматтарына дайындалууда


Казак президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн өкмөттүн кээ бир министрлерин өз орундарына кайрадан дайындады. Кайырбек Сулейменов ички иштер министри, Мухтар Алтынбаев коргоо министри, Жаксылык Кулекеев билим берүү жана илим министри, Айткүл Самакова экология министри, Владимир Школьник кубат министри жана Кайрат Келимбетов экономика министри бойдон калды. Шаршемби күнү премьер Имангали Тасмагамбетов кызматынан чегингенде, министрлер да кызматтарынан кеткен, кечээ күнү болсо өлкөнүн жаңы премьер-министри болуп Даниял Ахметов дайындалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG