Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:07

Грузия жетекчилигинин айтымында, өлкөдөгү кылмыштуулук өсүүдө


Грузиянын ички иштер министри Коба Нарчемашвили бүгүн өкмөттүк жыйында чыгып сүйлөп, өткөн жылы өлкөдө катталган кылмыштардын саны 2001-жыл менен салыштырганда 25 пайызга өскөнүн билдирди жана мындай өсүү быйыл да байкалууда. Үстүбүздөгү айдын башында Грузияда Бириккен Улуттардын үч кызматкери жана алардын котормочусу барымтага алынып, беш күндүк туткундан кийин бошотулган. Акыркы үч жылдын ичинде Грузияда Бириккен Улуттардын кызматкерлери үч жоолу туткунга түшкөн жана ар бир жолу алар сүйлөшүүлөр аркылуу бошотулган, бирок 2001-жылдын октябр айында Грузияда - Бириккен Улуттардын тогуз кызматкерин алып бараткан тик учма атып түшүрүлүп, анын ичиндегилердин баары курман болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG