Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Чехияда Европа Биримдигине мүчөлүк боюнча референдум болуп өттү


3-14-июнда Чехияда өлкөнүн Европа Биримдигине кошулуусу боюнча жалпы элдик референдум болуп өттү. Өлкө премьер-министри Владимир Шпидла бул маселени Экинчи дүйнөлүк согуштун кесепеттерин жоюу менен байланыштырат: "Менин терең ишенимимде, Европа Биримдигине кошулууга макул болуу Чехиянын бардык мүдөөлөрүнө төп келет, аны менен Экинчи дүйнөлүк согуштун кесепеттери да жоюлуп, Чехия европалык коомго кайрадан кошулат". Референдумдун жыйынтыктарын тааныбай коюуга эч кандай расми чек коюлган эмес. Расми эмес маалыматтар боюнча, добуш берүүгө элдин 57 пайызы катышып, алардын 80 пайызы Биримдикке кошулууга макул болду. 2004-жылы Европа Биримдигине он жаңы мамлекет мүчө болуп кирүүгө тийиш жана Чехияга чейин алардын алтоо - Литва, Мажарстан, Мальта, Польша, Словакия жана Словенияда референдум өткөрүлүп, алардын эли да мүчөлүккө макул болгон.

XS
SM
MD
LG