Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Эртең Бишкекте эл аралык театр фестивалы башталат


БИШКЕК. Өкмөт Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата 15-июндан 20-июнга чейин «Арт Ордо» аттуу эл аралык биринчи театр фестивалын өткөрүү тууралуу буйрук чыгарды. Уюштуруу комитетин биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов жетектейт. Билим берүү жана маданият министринин орун басары Султан Раевдин билдиргенине караганда, бул иш-чарага Европа менен Азиядагы 10 өлкөдөн 18 жамаат катышаары болжолдонууда. Мындан тышкары, Италиядагы жана Германиядагы салттуу театр фестивалдарын уюштуруучулардын өкүлдөрү келишип, өз фестивалдарына талапкерлерди тандашат. «Арт Ордонун» жеңүүчүлөрү 13 багыт боюнча аныкталып, гран-при ээсине фестивалдын статуэткасы жана 2 миң доллар сыйлык тапшырылат.

XS
SM
MD
LG