Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Баткендеги мигранттар мыйзамга чакырылууда


БАТКЕН. Облустук миграция бөлүмүнүн башчысы Тажыбай Алишеровдун бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Баткендин аймагына жумушка келген тажикстандык жана өзбекстандык жарандардын иштөөсүн мыйзамдаштырууга аракеттер көрүлүүдө. Анткени өкмөттүн 2001-жылдын 12-октябрындагы токтомуна ылайык чет өлкөлүктөрдү Кыргызстанда жалдап иштетүүчү тараптар аларды иштетүүгө миграция кызматынын атайын уруксат алууга тийиш. Ал эми азыр Баткен облусунун аймагында кошуна өлкөлөрдүн жарандарын жалдап иштетип жаткандарынын эч кимисинде андай уруксат жок. Эгер тажик жана өзбек жарандары мурдагыдай эле аракеттерин уланта беришсе, анда аларды өлкөнүн аймагынан чыгарып салууга туура келет. Баткен облусунун аймагына Тажикстан менен Өзбекстандын коңшулаш аймактарынан күн сайын болжол менен 500дөй адам келип иштеп кетет.

XS
SM
MD
LG