Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Алайкуунун тургундары районго каттай албай калышты


ОШ. Каракулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүнүн жогорку бөлүгүндө жашаган тургундардын район борборуна катташы кыйындады. Анткени эң төркү Көгарт кыштагындагы, Алайкуу өрөөнүнүн борбору эсептелген Кызылжар айылындагы көпүрөлөрдү ташкындап аккан суу кыйратып кетип, автомашиналар өтө албай калды. Көгарт, Канкоргон, Сайталаа, Кызылжар кыштактарынын тургундары Кызылжарда бузулган көпүрөгө чейин атчан же жөө-жалаңдап келип, жүктөрүн жөө киши өтчү утурумдук жасалма көпүрөдөн бириндетип ташып, анан Каракулжага катташууда. Каракулжадан баргандар да ошол борбордук көпүрөдөн ары, маселен Көгартка чейин, 22 чакырым аралыкты жөө басууга аргасыз. Мурунку жылдары мындай кыйын кырдаал түзүлөөр замат жок дегенде райондон атайын адистер, техникалар жөнөтүлчү.

XS
SM
MD
LG