Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

Эл аралык уюмдар «Моя столица - новостинин» жабылышына кабатыр болуп жатышат


БИШКЕК. Көз карандысыз «Моя столица - новости» гезитинин жабылышына кабатыр билдирүүсүн Франциялык укук коргоо уюму таратты. Бүгүнкү билдирүүсүндө уюм гезиттин жабылышын өлкөдө адам укуктарын коргоо, анын ичинде сөз жана эркин ой жүгүртүү жаатындагы жагдайдын начарлап баратканы катары баалаган. Уюм сот аркылуу кысым көрсөтүүнү тез арада токтотуп, Париж уставына жана башка эл аралык нормаларга ылайык иш алып барууга кыргыз өкмөтүн чакырган. Ошондой эле франциялык укук коргоо уюму жагдайды 22-июлда боло турган Европа Биримдиги менен Кыргызстандын кызматташтыгы боюнча кеңеште талкуулоого, кыргыз өкмөтүнүн адам укугу боюнча милдеттенмелерди сакташына таасир этүүгө Европа Биримдигин чакырган. Ушундай эле кабатыр кайрылуусун Адам укуктары боюнча эл аралык Хельсинки федерациясы президент Аскар Акаевдин наамына жолдоду.
«Моя столица» гезити соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыктарына ылайык өз ишин 11-июнда токтоткон. Гезитке жеке адамдардын жана бийлик өкүлдөрүнүн доо арыздарынын негизинде сот 4 млн. сом айып салган. Доо арыздардын негизинде моралдык чыгым үчүн салынган бул айыптын 1 млн. сомун «Моя столица - новости» гезити премьер-министр Николай Танаевге төлөп бермек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG