Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

ИРАНДА ДЕМОНСТРАЦИЯЛАР УЛАНУУДА


Иранда төрт күндөн бери студенттердин демонстрациялары уланууда. Өткөн түнү алар таңга чейин коопсуздук күчтөрү менен кагылышып, кармашып чыгышты. Тегеран университетинин жака-бакасы төбөлөшкөн кара жаңжалдын чордонуна айланды. Өкмөт студенттердин тополоңун басканы атайын даярдалган күчтөрдү, айрыкча “Ансари-хезболла” уюмунун аскерлештирилген кошуундарын мобилизациялады. Ирандын жетекчилери бул окуялар үчүн баштагыдай эле Кошмо Штаттарын айыптоодо.

Окуяларды агылга жерден түнү бою акмалап, көз салып чыгышкан чет элдик журналисттер, анын ичинде Ройтерстин кабарчысы Тегерандагы диний режимге жан тарткан жалданма жасоолдордун кошуундары – “басижилер” – студенттер менен өзгөчө жаалданып кармашканын ырасташууда. Демонстранттарга каршы коопсуздук күчтөрү ыйлактатма газ, союл жана созулма темир чыбырткыларды колдонду, атүгүл автоматтын атылган үнү угулуп турду дешет. Бирок студенттер полициянын тосот-тоскундарын жарып, шаардын көчөлөрүнө чейин чыгып кетишти. Демонстрациялар күндүз да уланды. Фарда радиосунун кабарчысы Шайан-е Жабари демонстранттардын негизги уюткусун университеттин студенттери түзгөнү менен алардын арасында саясий, социалдык жана экономикалык кысымчылыкка туш болуп, кынжылган ирандыктар да арбын деп билдирет.

Муну ирандын диний төбөлдөрү, алардын ичинде экс-президент Рафсанжани да бышыктады. Университетти менчиктештирүүгө каршы чыккан студенттердин нараазылыгында чоң жүйөө бар экенин ал моюнга алды, бирок бул нааразылыкты америкалык жетекчиликтин чырагына май тамызып жатканы үчүн айыптады. Ирандын жогорку диний лидери аятолла Али Хаменеи болсо америкалыктар дүйнөлүк диктатура орнотконго дам уруп жатышат, бирок алар бир нерсени – глобалдык диктатураны, айрыкча анын аскер күчүнө таянган түрүн дүйнөдөгү эркиндикти сүйгөн элдер эгерим кабыл албай тургандыгын аңдабай жатышат, анткени дүйнөдөгү эркин жана эриктүү бир да эл эч кандай диктатурага, анын ичинде өз мекениндеги диктатурага да моюн сунбайт, - деп билдирди.

Студенттер иш жүзүндө Али Хамененин ушул сөзүн бышыктап жатат. Алар баарыдан мурда эл шайлабаган радикалдуу молдолордун диктатурасына нааразылык билдирүүдө, бирок бийликтер аларды басып, өз тартибине баса көктөп баш ийдиргиси келишет. Байкоочулардын айтымында, Ирандагы саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөдөгү туташ кризистин белгилери мындан бир топ жыл илгери эле байкалган. Аятоллалардын соңку кездердеги башкаруу ыкмалары аларды жойгон жок, тетирисинче, кайра тереңдетти. Атап айтканда, өлкөдө өспүрүмдөр арасында кеңири жайылган сойкулук, маңчылык өңдүү өрөскөл көрүнүштөргө каршы Тегерандагы режим репрессиялык чаралар менен күрөшкө өтүп, ырайымсыз жазаларды, айрыкча, оор айып кылгандарды колун, бутун кырка чаап, эл көзүнчө башын алган, дарга астырган,ал эми аялдарды ташбараңга алып өлтүргөн ыкмаларды кеңири колдоно баштады. Басма сөздү ооздуктоо тыйылбаган тарыйкага айланды. Акыркы эки жылда эле Иранда жүздөн ашуун гезит-журнал жабылды.

Мунун баары коомдо, айрыкча студенттер арасында олуттуу нараазылыктарды пайда кылды. Алардын биринчи козголоңу 1999-жылы болгон эле. Бир нече ай бою бүткүл Иранды тополоңдун толкуну каптап, аятоллалардын бийлигин аласалдыра жаздап барып басылган. Бирок бул жолку акциялар, Тегеран университетинин профессору Заде Зибакаламдын пикири боюнча, социалдык жана саясий нааразылыктын кошундусу болду. Анын үстүнө мурдагы демонстрациялар президент Хатаминин реформасына колдоо билдирсе, бул ирет ага алымсынбаган маанай үстөмдүк кылууда. Ошентсе да азыркы демонстрациялар,профессордун баасында, чет жактарда кеңири масштабдагы акция катары бааланып жатканы менен иш жүзүндө чакан мүнөздөгү эле окуя.

Британияда жашап-иштеп жаткан ирандык диссиденттердин бири, профессор Ануш Эгтешами азыркы демонстрацияларды өтө олуттуу маанидеги иш деп баалады. Өткөн түнү өкмөт чет элдик жалданма башкесерлердин отрядын – «оогандык араптарды» - мобилизациялаганга аргасыз болду. Мунун өзү бийликтеги молдолор кала берсе коопсуздук күчтөрүнүн лоялдуулугуна да анчейин ишене албай калганын көрсөтөт, ал эми өзүнө-өзү ишене албаган режим - өтө опуртал режим, деп айтты эмиграциядагы профессор.
XS
SM
MD
LG