Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

«МОЯ СТОЛИЦАНЫН» ЖАБЫЛЫШЫ, ИСЛАМ КОМИССИЯСЫНЫН СЫН ПИКИРИ, ЖОГОРКУ СОТТУН ТАГДЫРЫ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек шаары “Моя столица” гезитинин биротоло жабылышы, кыргыз өкмөтүнүн кошуна мамлекеттер менен мамилени жөнгө салуу аракети, кыргыз-кытай каттамдарына виза тартибинин киргизилиши, «Жогорку Сот жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» мыйзамдын кабыл алынышы жана Бишкектин 125 жылдык мааракеси бул аптанын негизги окуяларынан болуп калды.

Бул аптада «Моя столица» гезитинин мындан ары чыкпай тургандыгы айкын болдп, бул окуя эл аралык укук коргоо уюмдарынын терең тынчсыздануусун жаратты. Соттордун чечимдерине ылайык салынган жалпы суммасы 4 миллион сомдук айыппулдардын айынан жабылып жаткан оппозициялык гезиттин тагдырына кабатыр болуп, Европа Биримдиги, Франциянын укук коргоо уюму, Адам укуктары боюнча эл аралык Хельсинки федерациясы жана башка уюмдар биринен сала бири билдирүү таратышты.

Саясат иликтөөчүлөрдүн айрыкча кызыгуусун жараткан окуя – Адам укуктары боюнча ислам комиссиясы да Кыргызстандын жетекчилигин кескин сынга алып чыкканы болду. «Аскар Акаев түркмөн, өзбек президенттеринин жолуна түшүп, чексиз мөөнөткө калгысы келет жана өз авиабазаларын Кыргызстанга жайгаштырган Кошмо Штаттар менен Орусия буга көз жумат», деп айтылат комиссиянын билдирүүсүндө. Кыязы, демейде Борбор Азиядагы адам укуктары маселесине анча маани бербеген ислам дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрү Орусия менен АКШнын региондогу кызыкчылыктары адам укуктарына эмес, башка себептерге байланыштуу экенин далилдегиси келген өңдүү. Айтмакчы, өкмөт президенттин акыркы шайлоо алдында элге берген убадаларын аткарууга 19 миллион сомдон ашуун каражат бөлгөнү жатканы айтылууда. Анын бир тобу мектептерди жана ооруканаларды курууга жумшалмакчы. Бул президент А. Акаев 2005-жылы бийликтен жакшы аброй менен кеткиси келгенин билдиреби, же убадасынан тайып, кайра шайлоого катыша тургандыгын кыйытабы - азырынча кесе айтыш кыйын болуп турат.

Саясатчылардын бүйүрүн кызыткан дагы бир окуя: Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» мыйзамды 44 добуш менен кабыл алышты. Мыйзам долбоорун Жогорку Сот Конституциянын жаңы редакциясына ылайык иштеп чыккан. Эгер президент мыйзамга кол койсо, 4 айдан ашуун убакыттан бери ишмердиги токтоп калган Жогорку Сот өз ишин кайра улантат жана мурдагы Жогорку жана Арбитраждык соттор биригет.

Аптанын ортосунда таластык соодагерлер Казакстандын Тараз шаарында соода кылууга жеңилдик алышты. Ал эми Кыргызстан Казакстандан буудай жана ун сатып келип ташууга быйыл чек койбой турган болду. Баткен облусунда болсо кыргыз-тажик чек арасы боюнча долбоор кайтарым бере баштады. Атап айтканда, «Эл аралык толеранттуулук» коомдук фондунун долбоорунун алкагында Швейцариянын Кызматташтык жана Өнүктүрүү Агенттигинин каржылоосу менен Карабак айылында 1350 метр узундуктагы ачык канал казылды. Ал эми Тажикстандын Чилгазы каналынын 1335 метр аралыгы бетондолуп, натыйжада жер астындагы суулардын деңгээли төмөндөп, эки элдин ортосундагы пикир келишпестиктердин бир себеби жоюлду. Анткени жер астындагы суунун чыгышы боюнча тараптар буга чейин бирин-бири күнөөлөп келишкен. Андан тышкары, бул аптада Тажикстандын Согд облусунда кыргыз-тажик жаштарынын достук фестивалы болуп өттү.

Ал эми Кытай менен Кыргызстандын жарандарынын өз ара каттамына 14-июндан тартып виза тартиби киргизилди. Расмий булактар муну жөн гана каттамдарды тартипке салуу зарылдыгы менен түшүндүрсө, мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев бул боюнча бийликтин расмий көз карашынан башкача пикир айтты.

- Кытай тараптан ар кандай уйгур уюмдарынын өкүлдөрү келип, ар кандай жаман нерселерди жасап жатышат. Биз жактан да анча-мынча ошондой маселелер болуп калган. Ошон үчүн визалык режимди күчөтпөсөк болбой калды, - деди Муратбек Иманалиев. Айтмакчы, анын катышуусу менен, мурдагы мамлекеттик катчы Ишенбай Абдуразаков, мурдагы байланыш министри Абдыжапар Тагаев жана башкалар уюштурган «Акыйкат жана прогресс» аттуу жаңы саясий партия расмий каттоодон өттү. Демек, өлкөнүн мурдагы тажрыйбалуу дипломаттары кийинки шайлоого даярдык көрүп жаткан болушу мүмкүн.

Ал арада Азия Өнүктүрүү Банкы 2004-2006-жылдар аралыгында Кыргызстанга жыл сайын 30 млн. доллардан жардам берип тураары белгилүү болду. Ал 1994-жылдан бери өлкөгө 257 млн. долларлык акчалай жардам, 30 млн. доллар өлчөмүндө техникалык жардам көрсөткөн. Бирок кыргыз өкмөтү Борбор Азиялык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Банкынан алган 10 миллион доллар өлчөмүндөгү кредитти кантип кайтараарын билбей отурат. Анткени 1994-жылы Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан тарабынан түзүлгөн бул банкты былтыр Казакстандын Улуттук Банкы кудуретсиз деп тапкан. Борбор Азиялык Банктын уставдык капиталы 9 млн. доллар болсо, анын ичинде Кыргызстандын үлүшү 3 млн. доллар болгон.

Апта соңунда Бишкекте башкалаанын 125 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар болуп өттү. Өлкөнүн борборуна I даражадагы «Манас» ордени ыйгарылды. Майрамдык шаан-шөкөткө карата Орусиядан келген артисттер оюн коюп, бир катар КМШ мамлекеттеринин жана башка өлкөлөрдүн ордо шаарларынын башчылары Бишкекке келип мейман болуп кетишти.
XS
SM
MD
LG