Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:44

КЫТАЙ БОРБОР АЗИЯГА БОЛГОН ТААСИРИН КҮЧӨТӨ БАШТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде казак жана азери мунайы менен түркмөн газын Кытайга сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө жана аны менен Бээжин Борбор Азиялык өлкөлөргө болгон экономикалык таасирин күчөтө алат. Шанхай уюмунун ичиндеги кызматташуу аркылуу дагы региондун коопсуздук маселелерине жана саясий жагдайга болгон Кытайдын таасири артууда.

Шанхай кызматташуу уюму Кытайдын демилгеси менен 1996-жылдын апрелинде түзүлгөн. Анын баштапкы мезгилдеги негизги максаты - Шиңжаң дубанындагы уйгур боштондук кыймылын басуу болчу, ошондуктан келишим Кытай менен чек аралаш өлкөлөр ортосундагы аймакта коопсуздук орнотуу керек деген шылтоо менен түзүлгөн. Кийин уюмдун максаттары бир топ кеңейди, анткен менен анын дээрлик бардык жыйындарында улуттук сепаратизм, диний экстремизм жана эл аралык терроризмге каршы сөздөр айтылат жана келишимдер түзүлөт.

Албетте, андай келишимдер Борбор Азиялык жетекчилерге майдай жагат, анткени терроризм жана экстремизмдин шылтоосу менен алар өздөрүнүн саясий оппозициясына каршы аракет көрө алат. Өкмөттүкүнөн айырмаланган пикир айткан партиялар менен уюмдарды кээ бир президенттер ачык эле саясий экстремисттер деп атай баштады.

Ошол эле учурда эл аралык террорчулук менен Америка Кошмо Штаттары баштаган Батыш өлкөлөрү да күрөшүүдө, бирок алар адам укуктарынын абалы менен демократиялык өнүгүү тууралуу да дайыма айтат жана кээде борбор азиялык өлкөлөрдү сынга да алат. Экономикалык колдоо болбогондо, жергиликтүү президенттер андай сынды катуу эле четке какмак, бирок алар акыркы мезгилде андай сынга жооп бербестен, жөн гана кутула баштады.

Бул жагынан алганда дагы Маскөө жана Бээжин менен кызматташуу алар үчүн алда канча ыңгайлуу, анткени Кытай менен Орусиянын өздөрүнүн бул тармакта маселелери көп жана алар борбор азиялык өлкөлөргө демократия же адам укуктары боюнча сын айта албайт. Акыркы жылдарда болсо Орусия менен Кытайдын экономикасы да бир кыйла өстү жана борбор азиялык өлкөлөргө алардын таасирин күчөтүү мүмкүнчүлүгү арта баштады.

Кытайдын жаңы төрагасы Ху Цзинтао май айынын аягында Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилери менен Маскөөдө өткөн Шанхай уюмунун саммитинде жолукту, андан соң июнь айынын башында ал атайын Казакстанга да барып, бир топ жаңы экономикалык келишимдерди түзүп кетти. Мисал үчүн 5-июнда Астана шаарында кол коюлган келишим боюнча, Кытай "Актобемунайгаз" компаниясындагы Казак улуттук мунай корпорациясына таандык акциялардын 25 пайызын сатып алды. Андан тышкары, казак мунайын жана Казакстан аймагы аркылуу Кытайга түркмөн газын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр да өткөрүлдү.

Анын алдында, 4-июнда Бакы шаарында жарыяланган маалыматка караганда, Кытай менен Азербайжандын ортосунда 80 миллион долларлык келишим түзүлгөн. Ал келишим боюнча, Бакы шаарынын алдындагы Пирсаат мунай кенин Бакы менен Бээжин биргелешип иштетет. Ал кенде жети миллион тонна мунай кору бар. Кытай өзүнө жыл сайын керектүү 60 миллион тонна мунайдын жарымын сырттан сатып алат, эксперттердин эсебинде болсо 2010-жылы Кытай 120 миллион тонна мунайга муктаж болот.

Ошондуктан Азербайжан, Казакстан же Түркмөнстан менен кызматташуу Кытай үчүн өтө пайдалуу жана келечектүү иш жана аны менен - региондо акыркы мезгилде өтө эле өсүп кеткен америкалык таасирди Бээжин кыскартпаса да, ага атаандаш болот алат. Борбор азиялык айрым жетекчилер болсо экономикалык жактан өнүгүп, бирок саясий системаны Кытайдагыдай авторитардык бойдон калтырууга өтө кызыкдар. Бээжин дагы өз үлгүсүн кошуна мамлекеттерге жайылтуу менен Кытайдын өзүндөгү бийликти ого бетер бекемдейт.

XS
SM
MD
LG