Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Бишкекте эл аралык театр фестивалы башталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда биринчи эл аралык «Арт Ордо» театр фестивалы ачылды. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан фестивалга Санкт-Петербургдан «Эксперименталдык», Башкырстандын Мамлекеттик драма, Казандын Жаштар, Түркмөнстандын Ашхабад, Өзбекстандын Карши театрлары менен бирдикте Ош, Ысыккөл, Чүй облустук драма театрлары катышат. «Арт Ордо» эл аралык театр фестивалы Улуттук филармонияда ачылып, андан соң фестивалдын катышуучулары жана театр ышкыбоздору Бишкектин борбордук жолу аркылуу театрлаштырылган жөө жүрүшкө чыгышты. Алар Эркиндик аянтындагы эстеликке гүлчамбар коюшту. Улуттук кыргыз драма театрынын сахнасында Башкырстан драма театры кыргыз режиссеру Нурлан Абдыкадыровдун «Чыңызхандын акыркы деңизи» аттуу спектакли менен фестивалдын көшөгөсүн ачты. Театр фестивалы 21-июнда эл аралык долбоор менен коюлган Оскар Уайлддын «Саломея» спектакли менен аяктамакчы.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG