Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Кыргызстан чек арага өткөрмө бекеттерин коюуда


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаев «Кыргыз Республикасынын аймагындагы чек араларда жүк жана киши ташуучу каттамдар үчүн эл аралык, эки тараптуу жана жөнөкөйлөтүлгөн бекеттерди ачуу жөнүндөгү» токтомго кол койду. Ага ылайык Кыргызстандын Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларында көзөмөлдү күчөтүү, мыйзамсыз миграцияны жана аткезчиликти токтотуу максатында жаңы 26 бекет ачылат. Казакстан менен чек арада «Каркыра», «Акжол», «Чалдыбар», «Чоңкапка» эл аралык бекеттери жана эки тараптуу «Чоктал», «Токмок», «Актилек», «Кичикапка» бекеттери, ошондой эле «Маймак» темир жол бекети курулат. Өзбекстан менен чек арада эл аралык маанидеги «Кызылкыя», «Карасуу», «Жалалабад», «Шамалдысай» автожол бекеттери жана эки тараптуу «Кызылкыя», «Карабагыш», «Баймак», «Сейдикум», «Сакалды», «Сумсар» бекеттери курулат. Ал эми Тажикстан менен чек арага эл аралык маанидеги «Кулунду», «Бордөбө» бекеттери курулмакчы.

XS
SM
MD
LG