Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

ЧЕХТЕР ЖОГОТКОН ОРДУН КАЙРА ТАПТЫ


Чехиялыктар жума-ишемби күндөрү болгон референдумда өлкөнүн Европа Союзуна кирүүсүнө макулдук беришти. Референдумдун жыйынтыгы боюнча добуш бергендердин 77,3 проценти Чехиянын ЕСке кошулуусун жактаган. Бул алдын ала эсептөөлөргө караганда бир кыйла жогорку көрсөткүч. Чехиянын премьер-министри Владимир Шпидланын айтымында, өлкө эми “келечекти көздөй кеткен жаңы жолду ачты”.

Чех шайлоочулары эки күндүк референдумга мурда болжолдонгондон бир кыйла активдүү катышты. Жыйынтыктоочу маалымат боюнча добуш берүүгө 8,2 миллион чехиялык шайлоочунун 55,2 проценти катышып, алардын 77, 3 проценти өлкөнүн Европа Союзуна кирүүсүн колдогон. Калган 22,7 процент шайлоочу ЕСке өтүүгө каршы добуш берген.

Өлкө жетекчилиги, ошондой эле көпчүлүк чехтер Евросоюзга өтүү менен Чехия Экинчи дүйнөлүк согуштун натыйжасында жоготкон ордун таап, 350 миллион калктуу Батыш Европанын саясый-экономикалык турмушуна жандуу аралаша баштайт деген үмүттө.
Премьер-министр Владимир Шпидланын сөзү менен айтканда, ЕСтин мүчөсү болуу менен Чехия:

-...Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын жокко чыгарат жана Евросоюзга интеграция боло баштайт.

Евросоюздун лидерлери да чехтердин Евросоюзга кошулууну колдоп чыгуусун жылуу кабыл алышып, добуш берүүнүн натыйжасын Чехияда 40 жылдан ашык созулган коммунисттик башкаруунун саркындыларынан биротоло арылуу үчүн жасалган чечкиндүү кадам катары баалашты.

Референдумда көпчүлүк шайлоочулар Чехиянын Евросоюзга кошулуусун жактаганы менен, өлкө жетекчилиги бул маселе боюнча бирдей көз карашта деп айтыш чындыкка жатпас эле.
Айтсак, белгилүү “Евроскептик”, президент Васлав Клаус акыр соңуна чейин референдум боюнча өз пикирин ачык айтпады.
Дүйшөмбү күнү массмедианын өкүлдөрү менен айрым парламентарийлер Клауска кайрылып, референдумга карата өз пикирин ачык айтууну өтүнүшкөндө, “Суперулуттук уюмга мүчө болобуз, анын чечимдерин кабыл алууга катышабыз деп, Чех республикасы эгемендүүлүгүнүн маанилүү бөлүгүн бул уюмга (Евросоюзга) бериши шартпы, бул маселени ар бир адам өзү чечсин”,- деп жооп берген.
Клаус ал эмес ЕСке мүчө болуп өтүүнү “сүйүп баш кошуу эмес, эсеп менен никелешүү” деп сыпаттаган.

Васлав Клаустун маанилүү саясый процессте мындай түшүнүксүз позицияны карманганы премьер-министр Шпидланы жума күнү шайлоочуларга кайрылууга мажбур кылды. Чехиядагы эң көп нускалуу “Mlada Fronta Dnes” гезити да жума күнкү санынын биринчи бетинин жарымында чехтерди “Ano-Ооба” деп добуш берүүгө чакырган ураанды басты. Байкоочулардын айтымында, Шпидланын жана таасирлүү гезиттин кайрылуусу ыргылжың болуп турган шайлоочуларды илең-салаң абалдан чыгарып, алардын “Ано” деп добуш берүүсүнө өбөлгө болду.

Көпчүлүк чехтер, өзгөчө жаш муун, өлкө Евросоюзга мүчө болуп кирсе, өлкөнүн экономикалык гүлдөп-өсүүсү ылдамдайт, аларга Батыш маданияты менен камыр-жумур аралашууга, өздөрүн батыштыктар менен бир үй-бүлөдө сезүүгө жана Батышта билим алууга кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылат деп ойлошот.
Бул пикирди студенттердин 88 проценти ЕС үчүн добуш бергени да тастыктайт. Бул куру сөз эмес.
Британияда окуган Яна Сиглерова деген чех студенттин айтышынча, ал азыр өз окуусу үчүн бир жылга 1 миллион крон же орточо 36 миң доллар төлөйт жана ашканада идиш жууп иштөөгө мажбур. Чехия ЕСке өткөндөн кийин, Яна окуусу үчүн 150 миң крон же 5 миң доллардан бир аз көп акча төлөп калат. Мындай мисал, сарамжалдуу чехтер үчүн өтө маанилүү фактор.

Чехиядага иштеген чет элдик фирмалардын 70 процентке жакынын бириктирген Еврочех форумунун директору Петр Грегдин айтмында, өлкөнүн ЕСке мүчө болуп өтүүсү, албетте, өлкөгө инвестициянын келүүсүнө жолду кенен ачат. Анткени, референдумдун натыйжасы 200 орундуу парламентте бир гана мандат менен көпчүлүктү түзгөн Шпидланын өкмөтүнө финансы, сот жана социалдык тармактарды реформалоону чечкиндүү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

XS
SM
MD
LG