Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ КЫРДААЛ “ИЛЕҢ-САЛАҢ” КАЛЫБЫНДА КАЛУУДА


Ишемби күнү кечинде жөөт жана Палестин өкмөттөрүнүн расмий өкүлдөрү жолугушуу өткөрүп, региондогу курчуп кеткен кырдаалды жөнгө салуу жолдорун талкуулашты. Жакынкы Чыгыштагы кан төгүүнү токтотууга багытталган “Жол картасына” тең тарапташ болгон Бирикен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан тынчтык орнотуу максатында аймакка эл аралык күчтөрдү жөнөтүү сунушун дагы бир ирет кайталады.

“Ажанс Франс Пресстин” кабарлоосунда, Израиль өкмөтүнүн Палестин аймактары боюнча жооптуу өкүлү генерал Амос Жилад жана Палестинанын коопсуздук министри Мохаммед Дахлан катышкан сүйлөшүүлөр АКШнын элчиси Дан Курцлердин Тель-Авивдин түндүгүндөгү резиденциясында болуп өттү. Жолугушууда жөөт армиясынын бир бөлүгүн Газа тилкесинен чыгарып кетүү маселеси талкууланды. Палестин тарап жөөт аскерлери Газадан, Батыш Иордандагы Бетлеем шаарынан чегинсин, палестиналык аймактарга аскерий рейддерин жана радикалдуу топторду жок кылуу операцияларын токтотсун деген талаптарын койду. Генерал Жилад өз кезегинде Дахландан терроризм менен күрөшүү боюнча Палестин өкмөтүнүн деталдуу планын талап кылды. Айрым маалымат булактарынын ырастоосунда, өкүлдөр сүйлөшүүлөрдү улантуу жөнүндө макулдашышты, бирок так дата жөнүндө айтылган жок.

Андан бир күн мурун Израилдин коргоо министри Шаул Мофаз палестин өкмөтү коопсуздукту камсыздоону өз мойнуна алса, анын аскерлери Газадан чыгып кетүүгө даяр экенин билдирген эле. Ишембиде Палестинанын маалымат министри Набил Амр Аббастын өкмөтү ага макул болгонун кабарлаган. Ошентип бир жумадан бери күч алган кандуу калаба токтойт деген үмүт пайда болгон эле.

4-июнда Иорданиянын Акаба шаарында АКШ президенти Жорж Буш, Израил менен Палестинанын премьерлери катышкан бийик жолугушуудан көп өтпөй, жөөт аскерлери палестин радикалдуу топторунун артынан сая түшүп, Газа тилкесинде бир нече ракеталык жапырык жасаган. Эртеси “Хамастын” бир мүчөсү Иерусалимде автобустун ичинде бомба жардырып, 17дей кишинин өмүрү кыйылды. 4-июндан бери чөлкөмдө бардыгы болуп 60ка жакын киши набыт болду, жүздөн ашууну жараат алышты.

Абал кескин курчуп, президент Буштун демилгелеринин аткарылышы үзгүлтүккө учурайт деген коркунуч пайда болгонуна карабай, АКШ Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу багытынан тайбай турганын Мамлекеттик катчы Коллин Пауэлл дагы бир жолу тастыктады. Ишемби күнү америкалык арабдар менен болгон жолугушуусунда Пауэлл “Кошмо Штаттардын позициясы мурдагыдай эле чечкиндүү. Биз токтобойбуз, артка да чегинбейбиз”, - деди.

Пауэлл Израиль тарап жөөт маалаларын палестин жерлеринен көчүрүү жана палестиналыктардын жашоо шарттарын жакшыртуу жөнүндөгү сөзүндө турат деген үмүтүн билдирип, Махмуд Аббас израилдиктерге каршы террорду ооздуктоо үчүн болгон аракетин жумшашы шарт деп кошумчалады.

Израилдин тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда, ишембиде аймакка АКШнын атайын өкүлү Жон Вулф келди. Акаба саммитинде жарыялангандай, президент Буш тарабынан дайындалган Вулфка тынчтык планынын ишке ашырылышына көзөмөл кылуу милдети жүктөлгөн. “Ажанс Франс Пресстин” Израиль радиосуна таянып берген маалыматына ылайык, Вулф жөөттөрдүн чалгындоо кызматынын жетекчиси Ави Дихтер менен жолугушту. Ал эми премьер-министр Ариэл Шарон баштаган башка расмий өкүлдөр менен сүйлөшүүлөр дүйшөмбүгө пландаштырылып жатат. Палестин булактарынын кабарлоосунда, 12 кишиден турган делегацияны баштап келген Вулф автономиянын жетекчилери менен да кездешүүгө тийиш.

“Жол картасына” тең тарапташ болгон Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчиси Кофи Аннан да региондогу кырдаалды татаалдаштырып жиберген окуяларды сындап, камтамачылыгын билдирген эле. Израилдин “Хааретц” гезитине 13-июнда берген интервьюсунда Аннан Жакынкы Чыгышка эл аралык тынчтык күчтөрүн жиберүү сунушун кайталады. Баш катчы ушундай демилге менен 2002-жылдын апрел айында чыккан эле, маселе Уюмдун Коопсуздук кеңешинде талкууланып, Израилдин кескин каршылыгынан улам, колдоо таппай калган. Эми Аннан сунушун кайталап, ошондой күчтөрдү эки тарап тең кабыл алса гана алардын натыйжалуулугу артаарын белгиледи. Палестиндер баш катчынын мындай сунушун кубаттоо менен кабыл алышты. Израилдин БУУдагы элчисинин орун басары Арийе Мекел болсо: “Тышкы күчтөрдүн кийгилишүүсүнүн эч кажети жок”, - деген пикирин билдирди.

Палестинанын БУУдагы өкүлү Насер ал-Кидва тынчтык орнотуу күчтөрү жөнүндөгү сунуштар Дания менен Нидерланды өңдүү мамлекеттерден да түшкөнүн белгиледи.

Израилдин каршылыгына карабай, Жакынкы Чыгышка эл аралык күчтөрдү жиберүү жөнүндөгү демилгеге колдоо өскөнү байкалууда.

XS
SM
MD
LG