Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Сауд Аравиясында болгон атышуудан он адам каза болду


Жекшемби күнү Сауд Аравиясындагы Мекке шаарынан анча алыс эмес жерде, өлкөнүн Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен белгисиз куралдуу адамдардын ортосунда атышуу болуп, он адам каза болду. Каза болгондордун бешөө полиция кызматкери экендиги кабарланууда. Сауд Аравиядагы «Оказ» гезитинин жазышынча, кагылышуу жергиликтүү полицияга токтобой койгон автоунаанын ичиндеги адамдардын артынан кубалаган учурда болду. Үстүбүздөгү жылдын он экинчи майында Сауд Аравиянын ордо калаасы Эр-Риядда болгон террордук жардыруудан 34 адам каза болуп, бир нече адам жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG