Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:36

Иранда өлкөнүн учурдагы башкаруучуларына каршы нааразылык акциясы уланууда


Иранда беш күндөн бери өлкөнүн учурдагы башкаруучуларына каршы студенттердин нааразылык акциясы уланууда. Адегенде, студенттер өлкөдөгү айрым университеттерди менчиктештирүүгө жана жогорку окуу жайларына окуу төлөмдөрдүн жогорулашына каршы чыгышкан. Ал эми соңку күндөрү нааразылык акциясына жергиликтүү тургундар да катышып, Ирандын азыркы президенти Мохамед Хатаминин кызматтан кетишин жана өлкөдө саясий реформа жүргүзүүнү талап кылышууда. Полиция менен кагылышуудан 40 жакын студент жараат алды. Ирандын жогорку бийлик өкүлдөрү “мындай нааразылык акциясы АКШ тарабынан уюштурулууда” деп, Кошмо Штатардын жетекчилигин айыпташууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG