Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Иракта америкалык аскерлерге буктурмадан кол салышты


"Ройтер" агенттигинин билдиргенине караганда, окуя башкалаа Багдаддын түндүк тарабында жайгашкан Балад шаарынын жанындагы кан жолдо болгон. Америкалык жоокерлердин бир нечеси жаракат алганы кабарланууда. АКШнын аскерлери өткөн аптада бул чөлкөмдө Саддам Хусейндин куралдуу жактоочуларын издеп, жок кылуу боюнча кеңири масштабдагы операция жүргүзгөн эле. Ал эми жекшемби күнү Фаллужа шаарындагы аскерий операция учурунда бир нече адам камакка алынган. Кечээ колундагы курал-жарактарын өткөрүп берүүсү үчүн ирактыктарга берилген эки апталык мунапыстын мөөнөтү аяктады.

XS
SM
MD
LG