Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:16

ЕВРОПАЛЫК СТАНДАРТ: ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Кыргызстандын жогорку окуу жайларын жогорку билим берүүнүн европалык стандартына өткөрүү аракети башталды. Республиканын билим жана маданият министрлиги Болонья келешими боюнча жана университеттердин жаңылануу жолдорун аныктоочу атайын жумушчу топ түзгөн. Республиканын 50 ашуун жогорку окуу жайларынын ичинен Кыргызстан эларалык университети гана Болонья декларациясына мүчө.

Кийинки он жылда постсоветтик республикалардын дээрлик баарында жогорку окуу жайларынын саны абыдан өстү. Маселен, Орусияда ушу тапта 700дөн ашуун жогорку жайлары бар. Канатташ Казакстанда жогорку окуу жайлардын саны 170 түзөт. Казакстандын эмгекке жарамдуу калкынын 12% жогорку окуу жайында окушат. Мындай жапырт дегидей жогорку билим алуу азгырыгынан Кыргызстан деле четте калган жок. Республикада айрым филиал, борборлорун кошкондо 100дөн ашуун жогорку окуу жайы ачылды.

Өлкөдө жогорку окуу жайынын арбып кетиши буга чейин эки жагдай менен түшүндүрүлүп келди. Биринчиси - калктын билим алууга дилгирлиги, жогорку билим алуунун арзандыгы, экинчи жагынан орто мектептерди бүткөн улан-кыздардын көчө таптап бош жүргөнчө окуп билим алганы аларды криминалдык чөйрөнүн таасиринен сактаарын башка бирөө эмес, президенттин өзүнүн айткан жайы бар.

Быйыл 26-апрелде жогорку окуу жайлардын мындан аркы өнүгүшүн талкуулаган конференцияда президент А.Акаев жогорку окуу жайын сапаттык деңгээлге көтөрүү тууралуу, алар ириде жаңычыл болушу керектигин, республикада юристтер менен экономисттер оголе көп даярдалганын айтып, эмки көңүлдү инженер кадрларды арбын даярдоого буруу керектигин белгиледи. Президенттин «жакынкы жылдары билим берүү системасын дүйнөлүк деңгээлге алып» чыгуу чакырыгы ушу тапта жогорку окуу жайлардын олуттуу проблемасына айланууда.

Андай аракеттин алгачкы кадамы катары жогорку окуу жайларын Европанын 29 өлкөсү жактырып кол койгон Болонья декларациясына кошуу демилгесин айтууга болот. Республикада Болонья декларациясына биринчилерден болуп Кыргызстан эларалык университети кирди. Республиканын билим жана маданият министрлиги үч жумушчу топ түзүп, жогорку окуу жайлардын мындан аркы өнүгүшүн иликтөөгө алууда. Ошол үч комиссиянын бири - «Болонья процесси жана университеттердин инновациясы» комиссиясынын жетекчиси Асылбек Айдаралиев европалык стандарт жогорку окуу жайлардын иргелишине алып келет, - деп эсептейт:

- Комиссия үч ирет чогулду. Бир чен-өлчөм менен университеттердин рейтингин карап жатабыз. Менин оюмча, күчтүү 10 университет бар. Бардык жерде элиталык университеттерди көтөрүшөт. Бизде деле ошондой. Начар университеттерди жабыш керек.

Кыргыз мамлекеттик архитектура жана курулуш университетинин ректору Жумабек Тентиев университеттер жогорку билим эле эмес, мыкты кесипкөйлөрдү даярдаш керек деген пикирде:

- Кээ бир кесиптер боюнча адистер көп даярдалып калса, анын пайдандан зыяны көп. Мына азыр европалык системага жакындашуу керек болууда. Мамлекет кичине болгондон кийин даярдалчу кесипке чоң маани берилиш керек.

Нарын мамлекеттик университетинин ректору Алмазбек Акматалиев республикадагы жогорку окуу жайлардын баары жаңылануу аракетин жасап жатышат, жыйынтыгын мезгил көрсөтөт деген пикирде:

- Муну, таймашууну, турмуш гана аныктайт. Анан эми кандай таймашабыз? Өндүрүш жок болсо? Биздин бүтүрүүчүлөр деле, Бишкектин бүтүрүүчүлөрүнүн деле расмий маалымат боюнча 60 – 70% жумуш таппай жүрсө кандай таймашуу жүрөт? Эмненин негизинде бул университет жакшы, бул университет жаман деп айтабыз?

ЮНЕСКОнун колдоосу аркылуу өткөн Бишкек симпозиумунда постсоветтик Борбор Азия республикаларынын университеттер ассоциациясы түзүлдү. Жаңы уюмдун президенттигине айтылуу жазуучу Чыңгыз Айтматов шайланды. Быйыл 30-апрелде «Билим тууралуу» мыйзам ишке кирди. Көрүлүп аткан аракеттердин баары жайнаган университеттердин санын азайтып, сапатын көтөрөт деген ишеним уялап туру. Анткен менен, жогорку билимге чоң ишенич арткан республикада экономикалык өнүгүүнүн ырааты өтөле төмөн, жумушсуздардын саны арбын, дипломун сандыкка катып салып, чет өлкөдө кара жумуш, соода-сатык кылып жүргөндөр көп.
XS
SM
MD
LG