Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Саясий партиянын Көл кылаасындагы жыйыны


КАРАКОЛ. 16-июнда Ысыккөл облусундагы коомдук уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Акыйкат жана прогресс» саясий партиясынын лидерлери тегерек стол жыйын өткөрдү. Ага Ысыккөл «Эркин жаштар» коомдук бирикмесинин, айрым саясий партиялардын лидерлери жана эркин басылма өкүлдөрү катышып, «Акыйкат жана прогресс» саясий партиясынын лидери Муратбек Иманалиевге, партиянын саясий кеңеш мүчөлөрү Болотбек Байгожоевге, Абдыжапар Тагаевге партиянын уставы, программасы, түпкү максаттарына байланышкан суроолорду беришти. Жыйынга катышкандар республикадагы коррупцияга, түзүлгөн экономикалык, саясий, маданий кризис жана жаңы партиянын келечегине ишенбөөчүлүк көз караштарга байланышкан курч суроолорго жооп алышты. Муратбек Иманалиевдин пикиринде, элдин көйгөйүндөгү бул маселелерди өлкөдө башкаруу системасын өзгөртүү жолу менен гана чечүүгө болот.

XS
SM
MD
LG