Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Террорчулукка каршы күрөшкө арналган семинар


БИШКЕК. 16-июнда Бишкекте Улуттар уюмунун террорчулукка каршы күрөшүү боюнча 1373-резолюциясын ишке ашырууга арналган эларалык семинар ишин баштады. Ал ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен өтүүдө. Семинар террорчулукка каршы күрөшкө шарт түзчү мыйзамдарды даярдоо жана андай мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү максатын көздөйт. Эки күнгө созулчу семинарга бир катар министрликтердин, Улуттук банк, улуттук коопсуздук кызматы, Жогорку Кеңеш депутаттары жана террорчулукка каршы күрөшүү жаатындагы эларалык эксперттер катышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG