Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

«Общественный рейтинг» гезитине 100 миң сом айыппул салынды


БИШКЕК. «Общественный рейтинг» гезитине республиканын тышкы иштер министри Аскар Айтматов, министрлик кызматкерлери Эсен Салиев жана Эркин Тентишевдин арызынын негизинде Ленин райондук соту 100 миң сомдук айыппул салды. Анын 50 миң сому Аскар Айтматовго, 25 миң сомдон Тентишев жана Салиевге төлөнүш керек. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү «Общественный рейтинг» гезитинин башкы редактору Айбек Чекошев билдирди. Анын айтымында, сот мындай чечимди өткөн аптанын аягында чыгарган. Аскар Айтматов баш болгон дипломаттар февраль айында электрондук почта аркылуу таратылган маалыматка байланыштуу «Общественный рейтинг» гезитин айыптап, гезиттен өз пайдасына министр 10 млн сом, эки дипломат 1 млн сомдон өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Белгисиз авторлордун электрондук маалыматында Аскар Айтматовдун кадрдык саясаты сынга алынып, тышкы иштер министрлигинде коррупция, паракорлук күч алгандыгы айтылган. Айбек Чекошевдин маалымдашынча, Ленин райондук соту тышкы иштер министринин биринчи орунбасары Талантбек Кушчубековдун арызын карай элек. Кушчубеков гезиттен 1 млн сом өндүрүп берүүнү сураган. Гезит редакциясы Ленин райондук соттун чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, жогорку сот инстанцияларына кайрыла тургандыгын Айбек Чекошев айтты.

XS
SM
MD
LG