Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

ПАРЛАМЕНТ МЕНЕН ӨКМӨТТҮН ПИКИРИ КЕЛИШПЕЙТ


Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасы кызуу талаш-тартыштан кийин дүйшөмбүдө «Кыргыз өкмөтү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун кароого киришти. Талаштын жаралышына долбоорду кароону кийинкиге жылдыруу суранычы менен премьер-министр Николай Танаевдин кайрылышы себеп болду. Парламентарийлер өкмөттүн артка жасаган бул чукул кадамын долбоорду өзү каалагандай өткөрүү аракети катары баалашты. Палатада өкмөт башчынын сунушу жетиштүү добуш топтой алган жок.

Премьер-министрдин мындай сунуш киргизишине палатанын конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитетиндеги талкуу себеп болгондугун, долбоорду дагы «тегерек үстөлдө», семинарларда талкуулоо зарылдыгы келип чыкканын ал төрага Абдыганы Эркебаевге жолдогон катында белгилеген.

Конституциянын жаңы редакциясына ылайык иштелип чыккан мыйзам долбоору -президент тез кабыл алып берүүнү палатадан суранган долбоорлордун бири. Ал өкмөт тарабынан 16-майда сунушталган. Комитеттин кароосунан кийин чукул өзгөргөн өкмөттүн багытын парламет мүчөлөрү аткаруу бийлигинин жеке кызыкчылыгынын туундусу катары баалашты. Анткени, Конституциянын жаңы редакциясына ылайык президент сунуштаган өкмөттүн жаңы курамы парламентте колдоо таппаса жана мындай жагдай үч ирет кайталанса, парламентти таркатуу жагдайы түзүлөт.

Жаңы иштелип чыккан мыйзам долбоорунда парламенттин каршылыгына учурай турган эки жобо бар. Алардын бири - салык мыйзамдарына байланыштуу, экинчиси - өкмөттүн курамын толук тизме тартибинде колдоп берүү. Депутаттар премьер-министрдин катын талкуулоо учурунда эки маселенин акыркысына айрыкча басым жасашып, чынында эле бул маселенин Башмыйзамга кайчы келерин далилдөөгө аракеттеништи. Биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмоновдин оюнча, талашка түшкөн маселелер принципиалдуулугу менен айырмаланат:

- Бул принципиалдуу эки маселе боюнча болуп атат. Салык маселеси жана тизмелик курам.

Пикир келишпестиктин төркүнү тууралуу өз оюн комитет төрагасы Апсамат Масалиев минтип билдирди:

- Муну артка тартуунун негизги максаты бүгүн билинип калды. Аракет кылып, ошол мыйзамды дагы бир жолу өкмөт ойлогондой алып чыгабыз деген иш болуп атат. Эгер андай болсо, урматтуу депутаттар, баарыбыз уятка калабыз.

- Тизмелик курам менен макулдашабыз дегенди (өкмөт) өткөрүп атат, - деди депутат Текебаев,- Бир министрди үч жолу кулатып койсок, Жогорку Кеңеш тарап кетет экен. Жогорку Кеңеш тарап кете турган ал кандай министр экен? Эми ошону өткөрө албасына көзү жетип атат. Анткени, үчтөн эки добуш алыш керек. Ошондуктан, ары жылдырганы, менин оюмча, тактикалык эле айла-амал болуп атат.

Депутаттын мындай көз карашы биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмоновду ынандырган жок.

- «Добушту ала алышпайт, анан депутаттарды сатып алат» деген ойлоруңузга кошула албайм. Аны расмий түрдө четке кагып коюуга уруксат этиңиз, - деди ал.

Парламент менен өкмөт ортосундагы талаш-тартышка карабастан, мыйзам долбоорун чукул карап, кабыл алуу жалпы кызыкчылыкка төп экенин депутаттардын бир бөлүгү айтып чыкты. Алардын бири депутат Алишер Сабиров:

- Эгер биз азыр кабыл албасак, күзүндө биринчи, жазында экинчи окулушу араң өтөт, андан ары президенттин ветосу болот. Ошентип, өкмөт шайлоого чейин эки ортодо илинип калат да, келген кат унутулуп эле жаманаттысы бизге калат.

Премьер-министрдин долбоорду талкуулоону коё туруу сунушу колдоо таппай калган соң, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов мыйзам долбоору боюнча жалпы маалымат берди. Ушул эле отурумда «Кыргыз өкмөтү тууралуу» мыйзамга өздөрүнүн атаандаш долбоорун депутаттар Марат Султанов менен Алишер Сабиров сунушташты. Алардын пикирлерине караганда, бул долбоор эки бийлик бутагынын ортосундагы талашты жоюуга жөндөмдүү. Айрым депутаттар эки долбоорду авторлордун макулдугуна ылайык бириктирип, бир мыйзам катары биринчи окулушунда кабыл алууну сунушташты. Өз долбоорун өкмөттүкүнө салыштырмалуу алгылыктуу деп эсептеген депутат-авторлор мындай сунушка макул. Бирок, биринчи вице-премьер-министр палатага комитеттин кароосунан тышкары түз чыгарылган долбоорду мыйзамга ылайык процедуралардан өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Талкуу шейшембиде уланат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG