Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Иранда нааразылык акциясы уланууда


Алты күндөн бери Иранда студенттердин жана жергиликтүү тургундардын өлкөнүн учурдагы башкаруучуларына каршы миңдеген адам катышкан нааразылык акциясы уланууда. Бүгүн жергиликтүү полиция акциянын катышуучуларынан отуз адамды камакка алды. Ирандын улуттук маалымат агенттигинин кабарлоосуна караганда, митинг башталгандан бери баары болуп 140 адам кармалды. Нааразылык акциясына чыккандар Ирандын учурдагы президенти Мухаммад Хатаминин бийликтен кетишин жана өлкөдө саясий реформа жүргүзүүнү талап кылышууда.

Ирандагы окуялар тууралуу кечээ АКШнын президенти Жорж Буш өз оюн мындайча билдирди:

Бул коомчулуктун эркин Иран үчүн өз оюн билдире баштагандыгынын белгиси. Менин оюмча бул - оң көрүнүш.

Ал эми Ирандын жогорку бийлик өкүлдөрү нааразылык акциялары АКШнын колдоосу менен өткөрүлүп жаткандыгын айтып, Кошмо Штаттардын жетекчилигин айыпташууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG