Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:54

ЛАТВИЯДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТКӨРҮЛӨТ


Нарын АЙЫП, Прага шаары Үстүбүздөгү аптада Латвиянын парламентинде кезектеги президенттик шайлоо өткөрүлөт. Көпчүлүк байкоочулардын айтымында, азыркы президент Вайра Вике-Фрайберга айымдын экинчи мөөнөткө шайланышы күтүлөт.

Шайлоо 20-июнда өтөт жана азыркы президент айымдан башка эч ким өз талапкерлигин койбогондуктан, Вайра Вике-Фрайберганын президент болуп кайрадан шайланарында эч кимде күмөн жок. Президент айымды азыр Латвиянын оппозициялык партиялары да колдойт. Акыркы элдик сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча, суралгандардын 74 пайызынын ишениминде, ал экинчи мөөнөткө президенттик кызматта калууга тийиш, 80 пайыз адам болсо анын биринчи мөөнөттөгү ишин оң баалаган. Латвиянын коалициялык өкмөтүнүн башчысы Эйнарс Репсе да президентке колдоо көрсөтүүдө.

65 жаштагы Фрайберганын ата-энеси Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаар алдында советтик оккупациядан коркуп, Батышка качкан жана Вайра ал кезде жети жашар кыз болчу. Алманиядагы туткундар лагеринде тургандан кийин, анын үй-бүлөсү Африкадагы Мароккого көчүүгө аргасыз болгон жана Вайра Касабланка шаарында француз тилиндеги мектепте окуган. Кийин Франциянын президенти Жак Ширак анын французча сүйлөгөнүн жогору баалайт. Мароккодон Фрайберга Канадага барып, университетти англисче бүтүргөн жана 1965-жылдан 1998-жылга чейин Монреаль университетинин психология факультетинде профессор болуп иштеген. Негизги кесибинен тышкары, Фрайберга Канадада латыш элдик ырларынын жыйнагын түзүп, алар тууралуу жети китеп жазып чыгарган жана Канаданын Улуттук Академиясынын курамындагы Өнөр жана коомдук илимдер академиясынын президенти болуп шайланган.

1998-жылы кээ бир латыш уюмдары жана партиялары аны Латвияга чакырып, президенттик шайлоого катышууну сунуштаган. Фрайберга ошол эле жылы мекенине кайтып келип, 19-октябрда "Латвия институту" деп аталган уюмдун деректири болуп шайланган жана андан кийинки жылы өткөрүлгөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан.

Төрт жыл ичинде президент Вайра Вике-Фрайберга Батыш өлкөлөрү менен, өзгөчө Америка Кошмо Штаттарында жашаган латыш жана башка Балтик коомдору менен көптөгөн байланыш түзүп-аракеттенген. Алар АКШ жетекчилигине лоббилик кылып, Балтика өлкөлөрүн Батыш коомуна кошуу боюнча эбегейсиз аракет көргөн. Акырында мурдагы советтик үч Балтик жумурияты өткөн жылы НАТО уюмуна мүчө болуп кирүүгө, андан соң Европа Биримдигине да чакырылды.

Фрайберганын айтымында, бул окуялар - ХХ-кылымдын башында Латвия эгемендүүлүк алгандагы окуяларга тете жетишкендик болду жана советтик бийлик алдындагы 50 жылдык оторчулуктун кесепеттери аны менен акырындап жоюлууда. Азыр бардык үч Балтик жумуриятындагы демократия жана экономикалык өнүгүү - башка европалык өлкөлөрдүкүнөн дээрлик айырмаланбайт.

Кээ бир байкоочулар - демократия Батыш өлкөлөрүндө 200 жыл өнүгүп-калыптанган, ошондуктан Кыргызстан же башка мурдагы советтик жумурияттарда он жылдын ичинде толук демократия орнотуу мүмкүн эмес деп айтат. Бирок Латвия сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасы он жылдын ичинде деле бул багытта бир топ иш жасап, алдыңкы европалык өлкөлөрдүн катарына кошулуу мүмкүн экенин көрсөтөт. Ал үчүн өлкө жетекчилигинин айткан сөздөрү менен жасаган иштери бир-биринен айырмаланбашы керек, сөз эркиндигине эч кандай чектөө болбоого тийиш жана жетекчилер эң биринчи кезекте мамлекет менен элдин кызыкчылыктарын өздөрүнүкүнөн өйдө койгону абзел.

Вике-Фрайберганын президенттик биринчи төрт жылдык мөөнөтүндө жасаган иштери эл арасында да, саясатчылар чөйрөсүндө да оң бааланып, анын кадыры жогору болгондуктан, президенттик шайлоодо эч ким аны менен атаандаш болууну да каалаган жок, ошондуктан 20-июнда өтө турган шайлоодо Фрайберга кайрадан президент болуп шайланаарында күмөн жок. Ал үчүн ага Латвия парламентинин бир жүз депутатынын элүү бири добуш берсе эле жетиштүү.
XS
SM
MD
LG