Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:54

ТАРЫХЧЫЛАР КАНСЫЗ СОГУШ ДООРУНУН ДАГЫ БИР УЛАМЫШЫН ЧЕТКЕ КАКТЫ


Шейшембиде, июндун 17синде Германияда антикоммунисттик козголоңдун 50 жылдык мааракеси белгиленди. Кансыз согуш маалында Батышта кеңири таркалган бир уламышка караганда, ондогон советтик жоокерлер куралсыз немис демонстранттарын атуу тууралуу буйрукка моюн сунбагандыгы үчүн өмүрүнөн айрылган имиш. Бирок соңку иликтөөлөр бул аңыз кеп чындыктан алыс экенин көрсөтүүдө.

Кансыз согуш маалында бир катар европалык өлкөлөрдө коммунисттик үстөмдүккө каршы массалык чыгуулар болгону маалым. 1956-жылы Мажарстанда, 1968-жылы Чехословакияда жана 1980-жылы Польшада калайык демократиялык реформаларды талап кылган, алардын демонстрациялары жана иш таштоолору айоосуз басылган.

Дал ошондой чыгуулардын алгачкысы 1953-жылы, Иосиф Сталин өлгөндөн үч ай өтүп-өтпөй, Чыгыш Берлинде катталган. Коммунисттердин байтактысы болгон Чыгыш Берлинде бийликтер эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу талабын койгон чакта, жумушчулар аларга каршы иш таштоо башташкан. Жалпы иш таштоо маалында алар парламенттик эркин шайлоо өткөрүү сыяктуу саясий талаптарды да коюшкан. Демонстранттардын мизин кайтарууга ГДРдин полициясынан тышкары советтик жоокерлер да жиберилген. 17-июндагы кагылышууда жүзгө жакын сандагы бейкүнөө демонстрант курман болгон.

Дал ушул күн Батыш Германияда эскерүү күнү катары 1990-жылга чейин расмий белгиленип келди.

Бул массалык чыгуу менен байланыштуу Батышта кеңири таркалган аңыз кептердин бири – айрым советтик жоокерлердин өз колбашчыларынын буйругуна моюн сунбагандыгы жана куралсыз немис жумушчуларын атпай койгону үчүн катаал жазалангандыгы жөнүндөгү уламыш болчу.

Бүгүнкү немис жана орус тарыхчылар тобунун соңку иликтөөсүнө караганда, өз жетекчилигине каяша кылып, демонстранттарды атпай койгон жоокерлер тууралуу аңыз кеп тийешелүү даректер менен тастыкталган жок. Мурдагы ГДРдин тыңчылык кеңсесинин маалыматтарын иликтеген тарыхчы Илко-Заша Ковалчуктун айтымында, Берлинде да, Маскөөдө да советтик жоокерлердин буйрукка моюн сунбай койгондугун далилдеген архивдик маалымат табылган жок. Мурда бул окуянын далили катары көрсөтүлүп келген документтердин бири – Чыгыш Германиядагы Эн-Тэ-Эс (NTS) аттуу антикоммунисттик тымызын уюмдун баракчасы болчу. Баракчада Советтик армиянын 73-полкунун аскер жетекчилигинин буйругуна моюн сунбай койгон 18 жоокери 1953-жылы 28-июнда Магдебургдун жанында атып өлтүрүлгөнү тууралуу айтылган. Башка бир имишке караганда, ошол кандуу окуяга байланыштуу алиги полктун 41 жоокери “буйрукка моюн сунбагандыгы үчүн” жазаланып, аттырылып салынган.

Теги украиналык майор Леонид Роншин да мындай окуянын болгону чын деп ырастаган. Бирок бул советтик дезертир Чыгыш Германиядан 1953-жылы апрель айында эле качып кеткени маалым. Демек, ал июнь айындагы окуялардын түздөн-түз күбөсү катары карала албайт. Алиги 73-полк да июнь окуяларына чейин эле ГДРден чыгарылып кеткен экен. “Дер Шпигел” журналынын жана “Ройтерс” агенттигинин жазышынча, ошентип, коммунисттик түзүлүшкө каршы массалык чыгуу болгону аныкталса да, куралсыз демонстранттарды атпай коюп, өз өмүрүнөн ажыраган совет жоокерлери тууралуу аңыз кептер куру жомокко чыгарылууда.

Ошентип, кансыз согуштун тири шумдук окуялары улам жаңы маалыматтар менен таразаланууда. Бирок мындан элүү жыл мурда Чыгыш Берлинде болгон окуяга биротоло чекит койбой койо туралы, анткени дал ошол тапта бул шаарда кызмат өтөгөн совет аскерлеринин бир далайы дагы эле арабызда жүрөт. Алардын кимиси бул окуяга карата күбөлүк сөзүн айтаар экен? Деги алар мындай кадамга батынаар бекен?
XS
SM
MD
LG