Салтанат Эл аралык кылмыш сотунун Гаагадагы кеңсесинде өттү. Аргентиналык адвокат Луис Морено Окампо баш прокурордун кызматына апрель айында шайланган. Ал эл аралык коомчулукка Аргентинанын мурдагы аскердик хунтасынын кылмыштарын тергеген учурунда таанымал болгон.