Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:14

Иранда студенттик толкундоолор уланууда


"Ройтер" агенттигинин кабарына караганда, жети күнгө аяк баскан нааразылык акциясы басаңдай баштады.Тегеран университетинин айланасында айдоочулары демонстранттарга колдоо көргөзүү үчүн келген автоунаалардын саны өткөн түнү мурдагыдан аз болду. Толкундоолор башталгандан бери полиция 140тай адамды камакка алган. Иран демонстранттарга шыкак бергени үчүн АКШны айыптаган эле.Ал эми АКШнын мамлекеттик департаменти демократиянын көздөгөн ирандыктардын аракетин кубаттады, бирок департаменттин өкүлү Ричард Баучер белгилегендей, Вашингтон моралдык колдоо көргөзүү менен гана чектелүүдө.
Ирандык окумуштуулар менен жазуучу-адабиятчылардын жоон тобу кечээ жарыялашкан ачык катында өлкөнүн диний көсөмү аятолла Али Хаменейини өзүн Кудайдын жердеги өкүлү катары эсептеген принциптен баш тартууга чакырды.

XS
SM
MD
LG