Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Дүйшөмбү күнү Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башкы директору Мохаммед эл-Барадейи Иранды Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге кошумча протоколго кол коюуга чакырды. Протоколго кол коюлса, Улуттар Уюмунун эксперттери Ирандагы шектүү көрүнгөн бардык жайларды текшерүүгө мүмкүндүк алат. Ырасмий Тегеран азырынча протоколго кол койбосун билдирди.

Студенттердин Иранды реформалоону тездетүүнү жана президент Хатаминин кызматтан кетүүсүн талап кылган толкундоолору өлкөнү ичтен тербетип жатканда, Тегеранга сырттан да кысым жасалды.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (кыскача МАГАТЭ) Венада дүйшөмбү күнү ачылган жыйынында анын башкы директору Мохаммед эл-Барадейи Иранды Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге кошумча протоколго кол коюуга чакырды.
Агенттиктин өкүлү Мелисса Флеминг айым шейшемби күнү биздин радиого берген интервьюда белгилегендей, Ирандын Өзөктүк программасы тынчтык максатын көздөбөгөндүктөн, өлкөнүн жаңы келишимге кол коюусу өтө баалуу:

- Келишим биздин жабдууларды жана Иран берген маалыматтарга баа берүү укугубузду - мыйзамдуу укугубузду-кеңейтет. Биз жалгыз Иранды эмес, бардык өлкөлөрдү кошумча протоколго кол коюуга чакырабыз, муну мен баса көрсөтөм. Ирандын атомдук энергетика программасы амбициялуу максатты көздөгөндүктөн, азыр анын келишимге кол койгону өзгөчө мааниге ээ.

Эгерде кошумча протоколго кол коюлса, анда эл аралык эксперттер Ирандагы шектүү санаган бардык жайларын кылдат жана кенен текшерүүгө мүмкүндүк алат.

Улуттар Уюмунун астындагы МАГАТЭ эмне үчүн Ирандын Өзөктүк программасын этият текшерүүгө ынтызар болууда?
Эл-Барадейи билдиргенге караганда, Иран өзүндөгү өзөктүк куралдарга зарыл заттардын саны, аларды өндүрүүнүн жана пайдалануунун методдору, ошондой эле өзөктүк компоненттер өндүрүлүп-сакталчу жайлар тууралуу маалыматтарды жашырып, өз милдеттенмесин аткарбаган.

Байкоочулардын айтымында, Иран мындай абалдан пайдаланып, оор суутекте иштөөчү реакторду өзөктүк бомбага керектүү плутонийди өндүрүү үчүн колдонушу мүмкүн.

Дүйшөмбү күнү Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Салехи Тегеран кылдат жана күтүүсүз текшерүүгө макул эмес экенин билдирди.
Анын айтышынча, Иран өкмөтү жаңы келишимге кол койгонго макул болушу ыктымал. Бирок, ал үчүн адегенде өнөр жайы мыкты өнүккөн өлкөлөр тарабынан Ирандын өзөктүк алдыңкы технологияны пайдалануусуна мүмкүндүк берилиши шарт. Же Салехи айткандай “өз ара ишенич болушу абзел”.

Вашингтон мурдатан эле Тегерандын өзөктүк изилдөөлөрү согуштук максатты көздөйт деп Иранды күнөөлөп жүргөн. Ошон үчүн, АКШ дүйшөмбү күнү МАГАТЭни Ирандын өзөктүк программасына ачыктан ачык каршы турууга чакырды.

“Биздин оюбузча, айрым өкмөттөр эмес, МАГАТЭнин жетектөөчү кеңеши да Ирандын өзөктүк программасына карата тынчсыздануусун билдириши шарт” деп Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер АКШнын бул маселеге байланыштуу көз карашын маалымдады.

Дүйшөмбү күнү Европа Союзунун (кыскача аталышы ЕС) тышкы иштер министрлери да Иранды “токтоосуз жана эч кандай шарты жок туруп” протоколго кол коюга чакырды. Улуттар Уюмунун инспекторлоруна Ирандын өзөктүк реакторлорун текшерүүгө уруксат берүүгө Иранды милдеттендирген протоколдун эмне үчүн зарыл экенин ЕСтин тышкы иштер комиссары Хавьер Солана мындай деп түшүндүрдү:

- Ирандын кошумча протоколго кол коюусу абдан маанилүү деген ойдомун. Бул ар бир өлкө кол койчу протокол жана Иран ага кол коёт деген үмүттөмүн.

Иранда Бушехр атомдук электр станциясын (АЭС) курууга жардамдашып жүргөн Россия да АКШ менен ЕСтин талабын күтүүсүздөн колдоп чыкты. “The Financial Times” гезитинин маалыматына караганда, Тегеран массалык кыргын салчу куралдарга колдонулуучу заттар тууралуу маалыматты МАГАТЭге бербесе жана кошумча протоколго кол койбосо, Россия келечекте Ирандын АЭСтерин отун менен камсыздоону токтотот.

Ошентип, Иран жетекчилиги азыр ичтен да тыштан да удаа келген кабат-кабат кысымдын астында турат.
XS
SM
MD
LG