Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

БИШКЕКТИН МАЙРАМЫ, «МОЯ СТОЛИЦАНЫН» ЖАБЫЛЫШЫ, АЛТЫН САНААСЫ


Бишкек шаарынын 125 жылдык мааракеси, «Моя столица» гезитинин жабылышы, «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы жоромол кептер, президент А.Акаевдин экономикага көз карашы - кыргыз басылмаларында чагылдырылган темалардын толук эмес тизмеси ушундай.

13-июндан тартып толук чыкпай калган «Моя столица» гезитинин чыгармачыл жамааты кесиптештерине кайрылуу таратты. Анын тексти шейшембидеги «Республика» гезитинде жарыяланды. «Биз бардык соттон утулдук,- деп жазат редакция жамааты.- Кыргызстандагы азыркы жагдайда башкача болушу да мүмкүн эмес болчу. Мезгил-сааты келгенде азыр болуп аткандарга башкача баа берилет».

Эркин басылманын жабылышына «Кыргыз туусу» гезити жаңы санында токтолуп, Абибилла Пазыловдун «Соттон башы чыкпаган «Моя столица» деген макаласын жарыялады. «Бир жылдай мезгил аралыгында Ленин райондук соту аталган басылманын үстүнөн жазылган жети арызды ар кандай даражада канааттандырып, редакция 1 млн. 325 миң сом, авторлору 40 миң сом төлөмөр болуп отурат. Сот өндүрүшүндө андан тышкары, редакциянын үстүнөн жазылган эки арыз териштирилүүдө»,- деп маалымдайт макала автору. «Эркин тоо» басылмасы «Моя столица» мыйзамды сыйлабайбы?» деген макала жарыялады. Ага ынансак, «Учкун» басмаканасы сот чечими чыкса «Моя столица» гезитин чыгарууга даяр. «Моя столица» гезитинин жамааты сот тарабынан салынган 4 миллион ашуун сомду төлөөгө чама-чаркы жок экенин айтып, гезит чыгарууну токтоткон.

«Республика» гезитинин жаңы санында «Акыйкат жана прогресс» партиясынын жетекчиси Муратбек Иманалиевдин маеги жарыяланды. Партия жетекчисинин айтуусунда, Кыргызстанда азырынча эл бийлиги орной элек, ооз жүзүндө айтылган демократия өкүм сүрүүдө. Бийликтин сөзү менен иши эки ачакей чыгып атканына элдин көбү нааразы. «Кандай жакшы идея көтөрүлсө да, ал коррупцияланган чиновниктердин тоскоолунан улам арабөк калат», дейт М.Иманалиев.

Гезиттин ушул санында «Азаттык» радиосунун 50 жылдыгына арналган эл аралык конференция тууралуу Замира Сыдыкованын макаласы жарыяланган. «Постсоветтик республикаларда компартия жетекчилерин президенттерге алмаштырып коюудан соң демократия орноп калган жок», деп белгилейт макала автору. «Конституцияда жазылган эркиндиктер ишке ашпай тек сөз жүзүндө гана калууда. Анын үстүнө аяк-башы көрүнбөгөн реформалардан калк чарчады, административдик ресурс алдында элдин пикири, эрки алсыз болуп чыкты».

«Кыргыз туусу» гезитинин шейшембидеги санында Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбековдун маеги жарыяланган. Анын айтымында, облус калкынын 86% жакыр жашайт. Быйыл облус жетекчилиги жакырчылыкты 14% кыскартуу аракетин көрүүдө.

«Слово Кыргызстана» гезитинин жаңы санында республикадагы китеп чыгаруучулардын өкмөт, парламент жетекчилерине кайрылуусу жарыяланды. Китеп басуучулардын айтымында, кийинки беш жыл ичинде кагаздын баасы беш эсе кымбаттаган. Алардын оюнча, басма сөз продукциясынан кошумча нарк салыгын алып коюу китептердин арзандашына, калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн кеңейишине шарт түзмөк.

«Кумтөр» алтын кени иштей баштагандан бери 115 тоннадан ашуун алтын өндүрүлгөн. Кыргызстан андан 63 миллион долларга жакын пайда көрдү. Кендин техника-экономикалык негиздемесинде болжолдуу киреше 520 миллион долларды түзмөк. Канада тарап 278 миллион доллар пайда көрмөк. «Калган акча кайда?» деп суроо коет шейшембидеги «Аалам» гезитинде Нургазы Анаркулов. «Алтын долбооруна делинип 395 миллион доллар кредит алынган. Канадалыктар эми кенди толук өз колуна алуу аракетине өтүштү, бирок алиге кыргыз бийлиги унчукпай отурганы түшүнүксүз», деп белгилейт макала автору.

«Бишкектин тоюнда кыргыз чиновниктери жапырт орусча сүйлөштү, атүгүл ак бата да орус тилинде айтылды. Кыргыз мамлекетинин борбор шаарынын мааракесинде бир кыргыз тилинде сөз сүйлөнбөсө - бул тилибиздин өлгөнү», деп жазат Элнура Кулуева.

КООРТ телеканалы парламент депутаттарын кылмыш атасы катары атап, аларга эмитен эле кине тага баштаганын шейшембидеги «Агым» гезитинде Алым Токтомушев жазды. Автордун болжолунда, «Вечерний Бишкек» менен КООРТ телеканалынын парламентке сынтага баштаганы - Мыйзам чыгаруу жыйынын таратуу каңкуусу же коррупция тууралуу чын сөздү айткан А.Эркебаевден өч алуу.
XS
SM
MD
LG