Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:16

БОРБОР АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНӨ КЫТАЙДЫН ҮСТӨМДҮГҮ ОРНОЙБУ?


Бакыт Аманбаев, Прага Эл аралык байкоочулардын пикиринде, айрыкча соңку он жылдын аралыгында Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен экономикалык, саясий жана коопсуздук жактан карым-катнашын абдан чыңдады. Кытайдын аймакка болгон кызыгуусуна айрым байкоочулар жана жергиликтүү жашоочулар чочулоо менен карашат.

Эл аралык адистердин жазганына караганда, дүйнөдөгү экономикалык, саясий жактан кубаттуу дөө-шаа өлкөлөрдүн бири - Кытайдын экономикасы мурдагыдай эле өтө тездик менен өсүүдө. Миллиарддаган калкы бар Кытай эл аралык айрым олуттуу маселелерге өзгөчө аралашпаганы менен, өз экономикасын жана айрыкча коңшулаш өлкөлөр менен карым-катнашын ургаалдуу өнүктүрүүдө. Өтө тез өнүккөн Кытай экономикасынын энергетика, өндүрүшкө керектүү чийки заттарга жана өндүрүлгөн товарларын сатууга болгон муктаждыгынын кандайдыр бир бөлүгүн соңку жылдары Орусия баш болгон мурдагы Совет Биримдигине кирген өлкөлөр канааттандырып келет. Буга эң жөнөкөй мисал, кийинки жылдары мурдагы Совет Биримдигине кирген өлкөлөрдөн ар кандай кара жана түстүү металлдардын түрлөрүнүн Кытайга арзан баада тонналап жөнөтүлгөндүгүн жана мындай көрүнүштүн азыркыга чейин уланып жаткандыгын айтууга болот. Кытай аталган аймактан өндүрүшкө керектүү даяр чийки заттарды алуу менен экономикалык жактан жарды Борбор Азия өлкөлөрүнүн базарларын эл керектөөчү, арзан баадагы кийим-кече, буюм-тайым, тамак аштын түрлөрү менен керектөөдөн ашыгыраак деңгээлде камсыздоодо. Ал саясий жактан алганда, Кытайдын демилгеси 1996-жылы аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу максатында, Шанхай Кызматташтык уюму түзүлдү. Эл аралык байкоочулардын пикиринде, мындай уюм келечекте АКШ баш болгон НАТО уюмуна атаандаш бирикмеге айланышы ыктымал.

Буга байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүндөгү айрым жергиликтүү тургундар жана саясатчыларынын арасында “Кытай келечекте аталган аймактагы өлкөлөргө экономикалык, саясий жана аскерий жактан үстөмдүк кылат” деген кооптонгон пикирлер жаралууда.

Бул тууралуу өзүн Абдималик Турдалы деп тааныштырган карапайым тажикстандык жарандын пикири төмөндөгүчө:

- Менин оюмча жакынкы жылдары Кытай башка өлкөлөргө таасири олуттуу болгон кубатуу өлкөгө айланат. Бирок азыр Тажикстан үчүн эч кандай коркунучту мен байкай элекмин.

Ал эми Казакстандын Кытайдагы мурдагы элчиси, кытай таануучу Мурат Ауезовдун оюнча, Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда карама-каршылык мурдатан эле болуп келген жана азыркы Кытайды мындан бир нече жыл илгерки Кытай менен түк салыштырууга болбойт:

Кытайдын кандай экендигин өтө жакшы билемин. Тарыхый жактан алганда он тогузунчу, жыйырманчы кылымдагы Кытай менен жыйырма биринчи кылымдагы Кытай абдан айырмаланат. Кытайдын башкы максаты-өз аймагын кеңирилетүү.

Айрым эл аралык байкоочулардын пикиринде, Кытай да өз мезгилинде Борбор Азия өлкөлөрүндө жайылган жогорудагыдай пикирди дурус билет. Ошондуктан, Кытай өзүнүн тышкы саясатында абдан сак. Айрыкча, мурдагы Совет Биримдигине кирген өлкөлөр менен болгон талаш-тартыштуу чек-ара маселесин өтө этиеттик менен чечүүгө аракеттенди. Чек арага байланыштуу кыргыз коомчулугунда гана карама-каршылык уланып келет. Оппозиция баш болгон кыргыз жарандары өлкөнүн учурдагы жогорку жетекчилигин “Кылымдардан бери кыргыздарга таандык 130 миң гектардай жерди Кытайга берип жиберди” деп айыптап келет. Ал эми кыргыз бийлиги болсо, мындай айыптоону четке кагып, чек ара боюнча кыргыз-кытай талаш жеринин жетимиш пайызы кыргыздарга, отуз пайызы гана Кытайга берилгендигин айтууда.
Кытай чекара маселесин Кыргызстандан башка Борбор Азия өлкөлөрү менен ызы-чуусуз чечти. Жакында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кытайдын өлкө жетекчиси Ху Цзинтао менен жолуккан учурда эки өлкөнүн ортосунда эч кандай талаштуу маселе жок экендигин билдирди:

Казакстан менен Кытайдын ортосуда бүгүн чечилбеген саясий, экономикалык маселе жок.

Ошентип, чындыгында эле соңку мезгилдери Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен экономикалык, саясий байланышын ар тараптуу чыңдап келет. Ошондой эле Кытай келечекте Казакстандын түндүк-батышынан кытай-казакстан мунай куурун жана Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүүчү темир жолду курууну пландаштырууда. Жергиликтүү байкоочулардын пикиринде, эгерде Кытайдын жогорудагыдай ири пландары ишке ашырылса, Кытайдын Борбор Азияга болгон таасири мындан да жогорулайт.
XS
SM
MD
LG