Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

«Кыргызгаз» чыгымдарды азайтууга аракет көрүүдө


БИШКЕК. «Кыргызгаз» акционердик коомунун директорлор кеңешинин кечээки отуруму өткөн жылдын жана быйылкы жылдын биринчи үч айынын жыйынтыгын талкуулады. Пайдаланылган газ үчүн каражат топтоону көбөйтүү, газды ашыкча коромжулоону азайтуу директорлор кеңешине тапшырылды. «Кыргызгаздын» бүгүнкү маалыматына караганда, маселен, жаратылыш газы көп колдонулган Бишкек газ чарба башкармалыгында каражат топтоо былтыр 91% жетип, 21,9 млн. сом, быйылкы биринчи кварталда 21,2 млн. сом каражат чогултулбай калган. Кыргызстанга келген жаратылыш газынын 11% ашыгы чыгымга учураган. 2002-жылы Кыргызстанга Өзбекстандан 812,3 млн. кубметр, ал эми быйылкы алгачкы үч айда 223,3 млн. кубметр жаратылыш газы келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG