Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин аткарылышы көзөмөлдөнүүдө


БИШКЕК. Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы кеңештин 4 жылдан берки жыйындарынын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөй баштады. Бул максатта Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары Аскарбек Мамеев башында турган жумушчу топ өткөн аптада Ош жана Жалалабад облустарында болуп, эки облустагы күч органдарынын иштерин талкууга алды. Жалалабад милициясынан курал тонолгону күч органдарын уятка калтырган окуя катары сынга алынды. А. Мамеевдин айтымында, өлкө коопсуздугуна «Хизбут-Тахрир» партиясы коркунуч келтирүүдө жана анын катарына аялдардын да кошулуп алганы Чеченстандагы жанкечти аялдарды эске салат. Коопсуздук Кеңешинин жумушчу тобу буга окшогон жыйындарды Ысыккөл жана Нарын облустарында да өткөрдү. Таластагы жыйын июль айынын башына белгиленди.

XS
SM
MD
LG