Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

Расмий Тегеран Францияда ирандык оппозициячыл уюмдун мүчөлөрү камалышын кубаттады


Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Асефи билдиргендей, аларды камоо менен Франциянын бийликтери дурус иш жасады Маалыматтарга караганда, француз полициясы шейшемби күнү Париждин айланасындагы 13 жайда жүргүзгөн рейд учурунда Ирандын "Мужахеддин калк "деген оппозициячыл уюмунун 165 мүчөсү кармалган. Сүргүндө жашаган ирандыктардын жоон тобу бул окуяга нааразылык билдирип, ушул эле күнү Германияда - Ирандын консулдугунун, Британияда - француз элчилигинин алдына топтолушту. Лондондо француз элчилигин алдына келген демонстранттардын бири өзүн өрттөп, ооруканага түшкөн. "Мужахеддин калкты" АКШ жана Европа Биримдиги «террорчул уюм» деп жарыялашкан. Саддам Хусейндин режими учурунда уюмдун Иракта аскердик базасы бар эле. Алар жакында Ирактагы АКШ аскерлери менен ок атышпоону макулдашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG