Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

МАГАТЭ Ирандын маселесин кароону улантат


МАГАТЭнин жетекчилиги Иранды Өзөктүк куралдарды жайылтпоо боюнча келишимдин кошумча протоколуна кол коюп, уюмдун эксперттери шектүү көрүнгөн өзөктүк жайлардын түгөл инспекциялашына уруксат берүүгө чакырууда. Иранды мындай кадамга барууга Европа Биримдиги менен Орусия да үндөгөн. АКШ болсо Иранды өзөктүк куралдар программасын жашыруун жагдайда өнүктүрүп жатканы үчүн айыптап жүрөт. Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Салехинин кечээ билдиргенине караганда, Тегеран алар үчүн өзөктүк жаңы технологиялар боюнча киргизилген чектөөлөр алынып салынмайынча протоколго кол койбойт. Мунун аралыгында Ирандын өзүндө реформаны талап кылган демонстрациялар уланууда. Толкундоолордун очогуна айланган Тегеран университетинин айланасына өткөн түнү да демонстранттарга колдоо көргөзүп жүздөгөн ирандыктар автоунаалары менен турду. Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, университеттин айланасындагы кырдаалды полиция толук көзөмөлдөөдө. Ал эми иран парламенти кечээги билдирүүсүндө АКШны демонстранттарга колдоо көргөзүп, өлкөнүн ички иштерине кийлигишип жатканы үчүн айыптады.

XS
SM
MD
LG