Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

АКШнын президенти Ирак боюнча чалгындоо маалыматтарынын чындыгына ишенет


Ак үйдүн басма сөз катчысы Ари Флейшердин билдиргенине караганда, согуш алдындагы чалгындоо маалыматтарынын тууралыгы боюнча күмөн саноолор айтылып жатканына карабай, президент Ж.Буш тиешелүү кызматтардан так маалымат алганына жана Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары табылаарына ишенет.
Ал эми Британияда парламент Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жөнүндөгү маалыматтарды өкмөт кандайча пайдаланганын териштирүүгө киришти. Британ өкмөтүнүн Ирак кризиси учурунда кызматынан чегинген эки министри Робин Кук жана жана Клар Шорт парламенттин комитетинде көрсөтмө берип, өкмөттү Ирактан келген коркунучту апыртып жибергени үчүн айыпташты.

XS
SM
MD
LG