Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

“Жол картасын” сактап калуу үчүн дипломатиялык аракеттер улантылууда


АКШнын чабарманы Жон Вулф кечээ палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббас менен сүйлөшүү өткөрдү. Алдыдагы жума күнү Израилге Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл келээри күтүлүүдө. Ал жөөт жана палестин жетекчилиги менен жолугат. Жөөт-палестин чатагын Дамаск шаарындагы сүйлөшүүлөрдө Сириянын тышкы иштер министри Фарук аш-Шараа Орусиянын чабарманы Андрей Вдовин менен талкуулады. А.Вдовиндин айтымында, Москва тынчтык жараянын колдоону улантып, Израилдин Сирия, Ливан менен чатагын жөндөөгө жардамдашмакчы. Сирия менен Ливанды тынчтык жараянына тартуу зарылдыгын Бейрутта Европа Биримдигинин Жакынкы Чыгыш боюнча элчиси Мигель Ангел Моратинос да белгиледи. Ал эми палестин премьери Махмуд Аббас жөөттөргө кол салууну токтотууга ынандыруу максатында согушчан топтордун өкүлдөрү менен шейшембиде кайрадан жолуккан. "Франс-Пресстин" маалыматына караганда, сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктады. Өткөн түнү палестиндердин Калкилия шаарына жакын жерден израилдиктердин автоунаасы аткыланганда, бир өспүрүм кыз мерт болуп, эки адам жаракат алган. Бул кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкер чиликти ала элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG