Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

БОРБОР АЗИЯ МЕНЕН ПЕРС БУЛУҢУН БАЙЛАНЫШТЫРГАН ЖОЛ КАТТАМЫ КУРУЛАТ


Бакыт Аманбаев, Прага Шаршембиде Тегеран шаарында Өзбекстан, Ооганстан, Тажикстан жана Ирандын өлкө жетекчилеринин жолугушуусу өттү. Жыйындын катышуучулары Борбор Азиядан Перс булуңуна чыгуучу жол каттамын куруу тууралуу келишимге кол коюшту.

Шаршембиде Ирандын ордо калаасы Тегеранда өткөн Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, Ооганстандын өлкө жетекчиси Хамид Карзай, Тажикстандын мамлекет башчысы Имомали Рахмоновдун жана Ирандын президенти Мохаммад Хатаминин жолугушуусу дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө бурууда. Бул Ислам Каримовдун Өзбекстан өз эгемендүүлүгүнө ээ болгондон берки Иранга болгон төртүнчү иш сапары. Айрым байкоочулардын пикиринде, Каримов бул жолу АКШ менен Ирандын өз ара мамилелери келишпей турган мезгилде, Иран-Өзбекстан алакаларын чыңдоо үчүн эмес, накта өз өлкөсүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн келди.

Анткени Тегеран жолугушуусунда жогоруда аталган төрт өлкө жетекчилери, Өзбекстан-Таджикстан-Ооганстан, Иран аркылуу Перс булуңуна чыгуу үчүн жол каттамын куруу тууралуу келишимге кол коюлду. Мындай келишим пахтага жана башка жаратылыш байлыгына бай Өзбекстан үчүн абдан пайдалуу. Ошол эле мезгилде жол каттамы курулуп калса, дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда болгон Ооганстандын инфраструктурасын жакшыртууга жана жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн деңиз аркылуу дүйнө менен байланышуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Өзбекстан президентинин Иранга болгон иш сапарынын башкы максаты тууралуу Лондондо жайгашкан Жейн институтунун талдоочусу Алекс Ватанканын пикири төмөндөгүчө:

Иш жүзүндө биз Иран жана Өзбекстандын жетекчилерине карап талдоо жүргүзүүбүз керек. Бул эки өлкө эки түрдүү башкаруу ыкмасын тутат. Алар табигый өнөктөш эмес. Алар бул жерге Перс булуңуна жана Араб деңизине чыгуу тууралуу келишимге кол коюу үчүн жыйылды. Бул - абдан прагматикалык аракет.

Ал эми айрым эл аралык байкоочулардын пикиринде, ушул тапта батышчыл маанайда турган Ислам Каримов Тегеранга дагы бир, өтө маанилүү максат менен келди. Иш сапары учурунда ал Ирандын жогорку бийлик өкүлдөрү менен жекеме-жеке жолугушуп, аларды өзөктүк куралдарды чыгаруу маселеси боюнча АКШ менен кызматташууга үндөөгө аракет жасайт. Анткени айрыкча Ирактагы согуштук аракеттер соңуна чыккандан кийин Кошмо Штаттардын жетекчилиги Иранды, “өзөктүк куралдарды өндүрүүгө аракет жасоодо жана эл аралык терроручуларды өз мекенинде жаап-жашырууда” деп айыптап келет. Өзбекстан президентинин мындай көмүскө максаты болгонбу? Эгерде болсо ал ишке аштыбы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG