Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

Нарында «Айыл-жерлерин таза суу менен камсыздоо жана санитария» долбооруна айылдар тандалды


НАРЫН. Ага Нарын облусунун 5 районунан 30 айыл катышып, алардын 18и тандалды. Тандап алууда ошол айылдын жакырдыгы, таза сууга муктаждыгы, айыл жашоочулардын демилгеси, социалдык-экономикалык абалы эске алынды. Тандоого облустук администрациянын өкүлдөрү, райондордун акимдери жана айыл өкмөт башчылары катышты. Бул долбоор Дүйнөлүк Банктын, кыргыз өкмөтүнүн жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү департаментинин каржылоосу менен Талас, Ысыккөл, Нарын облустарында 2002-жылдан баштап иштеп келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG