Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:35

Парламент менен өкмөттүн ортосундагы пикир келишпестиктерди жоюуга аракет көрүлүүдө


БИШКЕК. «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндөгү» мыйзамдын кыргыз өкмөтү жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттык тобу иштеп чыккан долбоорлорун бириктирүү боюнча биргелешкен комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн палатанын басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, биргелешкен комиссия долбоордогу талаш маселелерди жөнгө салуу ишин бүрсүгүнү жыйынтыктайт жана палатанын талкуусуна дүйшөмбүдө алып чыгат. Өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорундагы эки жобо, атап айтканда, бардык салык жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өкмөткө берүү жана президент сунуштаган өкмөт мүчөлөрүн тизмелик тартипте кароо маселелери депутаттардын пикир келишпестигин жараткан. Анткени, Конституциянын 63-беренесине ылайык, парламент кыргыз өкмөтүнүн курамы боюнча сунушту үч ирет четке какса, президент парламентти таркатууга укуктуу. Конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук комитети кечээ бул эки мыйзам долбоорун талкуулап, кризистен чыгуу максатында биргелешкен комиссия түзгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG