Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы 24-июнда башталат


БИШКЕК. 24-июнда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын кезектеги XVI сессиясы башталат. 4-июлга чейин созулуучу сессияда 42 маселе каралат. Сессиянын жүрүшүндө депутаттар өкмөттүк саат өткөрүп, анда өлкөдөгү коопсуздук, табигый кырсыктарды жоюу, келерки кышка даярдык маселелерин премьер-министр Николай Танаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү менен талкуулашмакчы. Андан тышкары, палатанын депутаттарына Улуттук Банктын башчысы, тышкы соода жана өнөр жай министри, Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы өз иштери боюнча отчет беришет. Бул тууралуу бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын басма сөз кызматы кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG