Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылды


БИШКЕК. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги «бардык америкалыктарды жок кылуу» тууралуу билдирүү тараткан жергиликтүү экстремистти табууну өтүнүп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылды. Бул туурасында кечээ «Сentran.ru» маалымат агенттиги жазып чыкты. Элчиликтин катында жазылгандарга караганда, АКШнын Федералдык кылмыш иликтөө бюросу антиамерикалык мазмундагы электрондук кат Ош шаарынын интернет-кафелеринин биринен жөнөтүлгөнүн аныктаган. «Сentran.ru» агенттигинин маалыматы боюнча, Ош шаарында англис тилин мыкты билген пакистандык студенттер бар. Бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Чыныбек Алиев каттын негизинде кылмыш иши козголгондугун белгилеп, бирок бул маселе боюнча кеңири маалымат берүүнү ылайык көргөн жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG