Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

Бейөкмөт уюмдар коалициясы президент А. Акаевге кат жолдоду


БИШКЕК. Айылдык, шаардык жана кыштактык кеңештерге шайлоону райондук жана облустук шайлоо менен бириктирбей, өзүнчө өткөрүү зарыл. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы ушундай мазмундагы кат менен президент Аскар Акаевге кайрылды. Катта көрсөтүлгөнгө караганда, мындай бириккен шайлоо эки башка тепкичтеги шайлоонун бири-бирине тоскоолдугун жаратып, талапкер катары катышкан көптөгөн лидерлердин эки ортодо калышын шарттайт жана жалпысынан мындай аракет борбордон ажыратуу саясатына кайчы келет. Президент Аскар Акаев жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү октябрь айына туура келээрин март айында айткан. Бирок, май айында Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жергиликтүү жана райондук, облустук кеңештерге шайлоону бириктирип, келерки жылдын февралында өткөрүүнү президентке сунуш кылган. Мындай сунушту БШК «Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзам кабыл алына электиги, чыгымдарды үнөмдөө зарылдыгы менен негиздеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG