Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

«Адвокат» гезитинин мүлкүнө байланышкан ишти Бишкек шаардык соту карамак болду


БИШКЕК. Республикалык сот департаменти кечээ «Адвокат» гезитине байланыштуу Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Арызда департамент «Адвокат» гезитинин мүлкүн камактан бошотуу тууралуу Ленин райондук сотунун судьясы Жаухар Байзуллаеванын аныктамасынын тууралыгын териштирүүнү суранган. «Адвокат» гезитин райондук сот укук коргоочу Елисеев аттуу жарандын арызына ылайык 5 миң сом айыпка жыгып, 23-майдагы санын камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Кийинчерээк айыппул төлөнгөн соң, судья Ж. Байзуллаева чечимди жандыруу тууралуу бүтүмгө келген. «Моя столица» гезитинин башкы редактору Александр Кимдин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, азыр сот органдары камакка алынган нуска «Адвокат» гезитине эмес, жакында жабылып калган «Моя столица» гезитинин жамаатына таандык экенин далилдөөгө аракет кылышууда. Анын пикиринде, арыз бир аптанын ичинде каралып, тыянак чыгышы керек жана мыйзам боюнча сот ишти «Адвокат» гезитинин пайдасына чечпеске аргасы жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG