Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

Америкалык сенаттын комитет төрагасы чалгындоо органдарын кайрадан сынга алды


Конгресстин жогорку палатасынын куралдуу күчтөрдүн иштери боюнча комитетинин башчысы сенатор Карл Левин,атап айтканда, Борбордук чалгындоо башкармасынын убадасына карабастан Ирактын массалык кыргын куралдары жана алардын запастары тууралуу так маалыматтар ушу күнгө чейин сенатка келип түшө электигин билдирди. Америкалык коомчулук чалгындоо мекемелери маалыматтарды атайылап жашырып-жаап койгондугун билгенде, сөзсүз Иракта ООНдун инспекциясын улантууну талап кылмак, деп айтты Левин. Кошмо Штаттары менен Британияда азыр Ирактагы согушка байланыштуу саясий жаңжал тутанып, кызый баштады. Эки өлкөдө тең өкмөттү Ирактагы операцияны актоо үчүн чалгындоо маалыматтарын бурмалап салган деп айыптап жатышат.

XS
SM
MD
LG