Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

Иракта америкалык аскерлер ири масштабдуу операцияларды өткөрүп жатышат


Операция Саддам Хусейндин куралдуу тарапкерлерин кармап, катылган курал-жарактарды конфискациялоо максатын көздөйт. Соңку эки күн ичинде 400дөн ашуун мандемдүү адамдар кармалды, ондогон курал-жарактар алынды. Өзгөчө Тикрит жана Киркук шаарларында кеңири пландагы операциялар жүрүп жатат. Ошол эле учурда америкалык аскерлер калкка гуманитардык жардам да көрсөтүүдө. Акыркы кездери Иракта америкалык аскерлерге кол салган учурлар арбыды, бүгүн эле Багдадда буктурмада жаткан снайпердин огунан дагы бир америкалык жоокер мерт болду.

XS
SM
MD
LG